Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-февралы № 74

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү Программасын жана Иш-чаралар планынын аткарылышын натыйжалуу баалоо жана мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 6-пунктундагы "378" жана "174" деген цифралар тиешелүү түрдө "381" жана "177" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев