Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
7-пункттун 2 жана 3-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
8-пункттун 1-пунктчасынын он сегизинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
13-пунктта:
25-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"25) Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана Министрликтин түзүмүн бекитет, Министрликтин белгиленген штаттык санынын чегинде Министрликтин, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;";
төмөнкү мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Министрди кызмат ордуна дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында:
"КР ТИМ алдындагы Тышкы миграция департаменти" жана "КР ТИМ алдындагы ТМДнин аймактык бөлүмдөрү" деген позициялар күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|