Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышындагы "коргонууга" деген сөз "корголууга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесинин 1-таблицасынын 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──────────────────┬───────────────────┬──────┬────┬───────────┬───────┐
│1.4. Банктар, │Акча, баалуулуктар,│ │ + │ │ │
│күрөөканалар │баалуу буюмдар, │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздар │ │ │ │ │
│ │сакталуучу жай │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────────────────┼──────┼────┼───────────┼───────┤
│ │Операциялык зал, │ │ + │Администра-│ │
│ │офистер ж.б.у.с. │ │ │циялык- │ │
│ │ │ │ │тиричилик │ │
│ │ │ │ │жайларында-│ │
│ │ │ │ │жылуулукту,│ │
│ │ │ │ │башкаларда-│ │
│ │ │ │ │түтүндүү │ │
└──────────────────┴───────────────────┴──────┴────┴───────────┴───────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |