Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 121
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берене төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти лицензиялоону ишке ашырат, ошондой эле ишти же лицензияланууга тийиш айрым иш-аракеттерди мамлекеттик лицензиялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген талаптар бузулган учурда аталган лицензияларды убактылуу токтотот, кайра алып коет (жокко чыгарат);
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын берилген, убактылуу токтотулган жана кайра алынган (жокко чыгарылган) лицензияларынын реестрин жүргүзөт;".
2. 9-беренеде:
төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ишти же лицензияланууга тийиш айрым иш-аракеттерди мамлекеттик лицензиялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүгө лицензияларды берет, аракетин убактылуу токтотот жана кайра алып коет (жокко чыгарат);";
он тогузунчу абзацы "баалуу кагаздардын жеке эмиссиясын каттагандык" деген сөздөрдөн мурун "баалуу кагаздардын ачык сунушталышын," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 13-беренеде:
4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн күн;";
6-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номерин;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн күндү;".
4. 15-берене:
төмөнкү мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Эгерде эмитент ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектини каттатпаса, баалуу кагаздардын эмиссиясынын учурунда баалуу кагаздарды ачык сунуштоого тыюу салынат.";
"4-1. Ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында, баалуу кагаздар ачык сунуштоо шарттарында жана проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде ачык сунушталышы мүмкүн, бирок баалуу кагаздарды ачык сунуштоого карата баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып бир жылдан ашык эмес мезгилде.".
5. Төмөнкү мазмундагы 16-1-берене менен толукталсын:
"16-1-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана
проспектти мамлекеттик каттоо
1. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;
- проспект;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент мындай документти мурда бербесе);
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошуу менен (эгерде эмитент мурда мындай документтерди бербесе);
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө эмитент кабыл алган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти, эгер баалуу кагаздарды ачык сунуштоо, анын шарттары жана проспект ушул Мыйзамдын жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берсе гана каттайт.
3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо жөнүндө чечимди, алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде кабыл алат.".
6. Төмөнкү мазмундагы 17-1-берене менен толукталсын:
"17-1-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана
проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу
1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти төмөнкү учурларда мамлекеттик каттоодон баш тартат:
- эгер эмитенттин баалуу кагаздарды ачык сунуштоону ишке ашыруусу ушул Мыйзамдын жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келсе;
- ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтар ушул Мыйзамдын жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келбесе;
- документтерден жалган маалыматтар же чындыкка туура келбеген маалыматтар (такталбаган маалыматтар) табылса.
2. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул тууралуу арыз ээсине мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себебин жана анын негизин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
3. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган баалуу кагаздар ачык сунушталбайт.".
7. 22-беренедеги ар кандай жөндөмөдөгү "же анын ордун алмаштыруучу проспектти" жана "же алмаштыруучу проспект" деген сөздөр алып салынсын.
8. 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Убактылуу токтотуунун мөөнөтү бүткөндө жогоруда аталган бузуулар четтетилбеген учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоо болгон жок деп тааныйт жана ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.".
9. 26-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 27-берененин 3-бөлүгүндөгү "ишке ашпаган деп таанууга" деген сөздөрдөн кийин "жана баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 35-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоону;";
жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында эмиссиянын жол-жобосу төмөнкү этаптар менен толукталат:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо;
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу.";
төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.".
12. 36-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"36-берене. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жана баалуу
кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары
1. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- каттоо үчүн арызын;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
- уставдык капиталдын төлөнгөнүн ырастаган документтерди;
- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти.
2. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- каттоо үчүн арызын;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);
- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө кабыл алынган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- документтик баалуу кагаздар чыгарылган учурда баалуу кагаздардын бланктарынын үлгүлөрүн;
- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти.
3. Ачык эмиссияда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо аларды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин негизинде ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо менен бир учурда ишке ашырылат. Эмитент тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
4. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо ошол чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баалуу кагаздарды чыгарууну каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү:
- уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоодо жана жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгарууда, ушул беренеде көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен;
- ачык жайгаштырууга арналган баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо, ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө.
5. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Ачык эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Чыгарылган баалуу кагаздардын бардыгы жайгаштырылбаган учурда ачык сунуштоо ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык болуп өттү деп эсептелет, баалуу кагаздарды чыгаруу жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш.
7. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо акциялардын уюштуруучулук чыгарылышынын жыйынтыктарын таануу болгондугун билдирет.
8. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү аяктаганда аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгарууну болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген баалуу кагаздардын минималдык санынан аз эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат. Мында, чыгарылган баалуу кагаздардын баардыгын жайгаштырбаган учурда, жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш.
Мындай баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүткөндөн кийин эмитент 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирүү берүүгө милдеттүү:
1) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн күндү;
2) жайгаштырылган баалуу кагаздардын санын;
3) бир баалуу кагазды жайгаштыруунун баасын;
4) баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:
- улуттук валютада акчалай каражаттардын көлөмүн;
- төгүлгөн учурга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган чет өлкө валютасынын көлөмүн;
- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюнтулган жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөм катары төгүлгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмүн;
- коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген акционерлердин реестринин көчүрмөсүн;
- баалуу кагаздардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди.".
13. 49-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ачык компаниялардын көз карандысыз реестр кармоочуларына алар жүргүзгөн реестрлердин эмитенттеринин саны жана бул реестрлерде катталган баалуу кагаздардын ээлеринин саны боюнча кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
14. 54-берененин 6-бөлүгү төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жарнамалык кампанияны өткөрүүгө же ачык сунуштоого;".
15. 65-берене төмөнкү мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда проспектти мамлекеттик каттоосуз өткөрүлгөн баалуу кагаздарды ачык сунуштоо мыйзамсыз болуп эсептелет. Мыйзамсыз ачык сунуштоону жасаган жак тарабынан алынган инвесторлордун каражаттары инвесторлорго кайтарылууга тийиш. Ушул Мыйзамга ылайык катталбаган, баалуу кагаздарды мыйзамсыз ачык сунуштоонун натыйжасында тартылган каражаттарды пайдалануудан алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте инвесторлорго кайтарылып берилүүчү сумманы алып салуу менен республикалык бюджетке алынууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |