Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 219
1992-жылдан 2000-жылдарга чейинки мезгилде берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтарууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, республикалык бюджеттен берилген ссудалар жана 1992-жылдан 2000-жылдарга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү рекредиттеген чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаменти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты алган бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча:
- бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди акыркы алуучуларды, карыздар боюнча укук мураскорлукту жана ушул кредиттердин кайтаруу деңгээлин аныктоо жолу менен, 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө, займдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттик каражаттардын акыркы алуучулары болушкан субъекттердин тизмегин жана кредитордун талап кылуу укугун ырастаган материалдарды бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кайра тариздөө үчүн берсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен укук мураскорлор ортосунда кредиттик документтерге жана карыздардын салыштырып текшерүү актыларына кол коюуларды камсыз кылсын;
- кайра таризделбей калган карыздын калдыктарын жөнгө салуу боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алган бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча займдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана мөөнөтү өткөрүлгөн төлөмдөр үчүн айыптарды кошуп эсептөөнү кредиттик келишимдерде белгиленген кредиттик мөөнөттөр бүткөн күндөн баштап токтотсун жана карыздарды кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- кредиттик каражаттарды алгандыгын ырастаган, берилген субъекттердин тизмектери жана материалдары боюнча кредиттик документтерди төмөнкүдөй шарттарда тариздесин:
кредитти тындыруу мөөнөтү - ар бир кварталдагы бир калыптагы төлөмдөр менен, колдонгондугу үчүн пайыздарды кошуп эсептебестен 2014-жылдан баштап 10 жыл;
төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөрүлгөн учурда жылдык 3 пайыз өлчөмүндөгү айыптык санкцияларды белгилесин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|