КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 229
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин социалдык-тиричиликтик шарттарын жакшыртуу маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин социалдык-тиричиликтик шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери үчүн Бишкек шаары, Коенкозов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан жер участогуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна укук берүүчү документтерди тариздесин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев
|