Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 228
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнүн 5-пунктунун "о" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│о) өтүнүчтөрдөн: │ │
│- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл │эсептик көрсөткүчтүн │
│алуу тууралуу (этностук кыргыздар, │жыйырма эсе өлчөмүндө │
│качкындар жана жер которгондордон │ │
│сырткары); │ │
│качкындар жана аргасыз жер которгон адамдар│эсептик көрсөткүчтүн бир │
│үчүн; │эсе өлчөмүндө │
│этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасынын │эсептик көрсөткүчтүн │
│жараны менен никеге турган аял жынысындагы │нөлдүк өлчөмүндө │
│чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок│ │
│адамдар үчүн; │ │
│- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу│эсептик көрсөткүчтүн │
│тууралуу; │жыйырма эсе өлчөмүндө │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|