Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 231
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уюштуруучулук түзүмүн оптималдаштыруу, байланышты жөнгө салуу органынын ишин өркүндөтүү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын аймагында байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист-ишканалардын электр жана почта байланыш кызматтарына тарифтерди бекитет;";
18-пунктундагы "18-пунктунун" деген сөз жана цифралар "17-пунктунун" деген сөзгө жана цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- региондор аралык аймактык башкармалыктарды өзгөртүп түзүүнү аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин борбордук аппаратына бириктирүү жолу менен, Ош шаарына жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарына, аталган аймактык башкармалыктардын мурда карамагында болгон объекттердеги жумуш орундарына жайгаштыруу менен ишке ашырсын;
- үч айдын ичинде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|