Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-майы № 244
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 728, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 807, 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерине бирдей мамилелерди түзүү жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-майындагы
№ 244 токтомуна
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-майы № 244
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 728, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 807, 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130, 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерине бирдей мамилелерди түзүү жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
21. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо критерийлери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13 августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тандоо критерийлери төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерине бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу жана ишке ашыруу;
- көрүнүктүү ишмерлер, баатырлар жана эсте каларлык тарыхый окуялар жана даталар жөнүндө жамааттык эскерүүлөрдү калыптандыруу;
- өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо;
- көрүнүктүү ишмерлердин, баатырлардын жана тарыхый окуялардын мисалында Кыргыз Республикасынын калкында салттуу руханий-адеп-ахлактык жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандыруу.
2. Ушул Тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан төмөнкүлөрдүн элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулат:
1) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин;
2) илим жана маданият ишмерлеринин;
3) Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын;
4) баатырдык көрсөткөн адамдардын;
5) көрүнүктүү эл аралык ишмерлердин;
6) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарынын;
7) эсте каларлык тарыхый окуялардын жана даталардын.
3. Бул Тандоо критерийлеринде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик ишмер - өлкөнү башкарууга катышкан жана саясий, экономикалык, социалдык жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон же кризистик көрүнүштөрдү жеңүүгө мүмкүндүк берген жана узак убакыт бою натыйжалуу иштеген өлкөнү же анын айрым институттарын башкаруу системасын түзгөн адам;
2) илим ишмери - ата мекендик жана дүйнөлүк илимди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, илимий ачылыш жасаган же болбосо ачылышка көмөк көрсөткөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн жаран;
3) маданият ишмери - ата мекендик жана дүйнөлүк маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон жана өлкөнүн позитивдүү маданий жана этикалык образын калыптандырууга көмөк көрсөткөн жаран;
4) чет өлкөлүк жаран - мамлекеттик, коомдук ишмер, илим жана маданият ишмери, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, өз мамлекетинин же бүткүл дүйнөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, көп сандагы адамдарды сактап калууга мүмкүндүк берген баатырдык көрсөткөн башка адам;
5) эсте каларлык тарыхый окуя - өлкөнүн аймагында болгон жана анын калкынын жашоосунда түпкү саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө алып келген чыныгы окуя;
6) өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адам - өзүнүн иши менен өлкөнү, өзү иштеген тармакты же болбосо регионду узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн жаран;
7) баатырдык көрсөткөн адам - өзүнүн иш-аракеттери менен адам курмандыктарына же болбосо аймактын жана калктын же өзүнчө региондун катастрофалык зыянга учурашына алып келиши мүмкүн болгон окуяларды алдын алган же минималдаштырган жаран;
8) коомдук ишмер - бийликтик ыйгарым укуктары болбостон өлкөнүн өнүгүшүнүн жүрүшүнө таасирин тийгизген, кандайдыр бир коомдук-саясий көрүнүштөрдүн жана институттардын негизин түптөгөн же болбосо бул көрүнүштөрдүн жана институттардын ишине олуттуу таасирин тийгизген жаран;
9) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каарманы - өлкөнүн же анын өзүнчө регионунун калкынын руханий, маданий жана коомдук-саясий өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген каарман.
4. Комиссия Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй базалык критерийлерди жетекчиликке алууга тийиш:
1) өлкөнүн же болбосо өзүнчө региондун тарыхындагы окуянын, инсандын же баатырдын маанилүүлүгүн;
2) өлкө же болбосо өзүнчө регион үчүн окуянын, инсандын же баатырдын маанилүүлүгү жөнүндө коомдук консенсустун болушун;
3) инсандын анын иш чөйрөсүндө расмий таанылган жетишкендиктеринин болушун;
4) тарыхый окуянын маанилүүлүгүн, инсандын өлкөнүн же өзүнчө региондун алдында белгилүү бир иш чөйрөсүндө сиңирген эмгегин, баатырдык иш-аракетин ырастаган тарыхый-архивдик жана сыйлоо документтеринин болушун;
5) маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каарманынын өлкөнүн же өзүнчө региондун калкына талашсыз руханий жана маданий таасирин;
6) өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктеринин үчтөн экисинен көбүнүн калкынын жашоосуна узак мөөнөттүү, натыйжалуу таасирин;
7) окуяда, инсанда же баатырда экстремизмдин, ксенофобиянын, гендердик теңсиздикке, социалдык азчылыктардан артыкчылыкка умтулуунун, ошондой эле диктатуранын, укуктарды жана эркиндиктерди басуунун, улутчулдуктун оң культун түзүүгө, багытталган аракеттердин жоктугун.
5. Комиссия көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди көңүлгө алат:
1) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасынын болушун;
2) I даражадагы "Манас" орденинин болушун;
3) "Советтер Союзунун Баатыры", "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдарынын болушун;
4) илим, техника, маданият, искусство, адабият жаатындагы престиждүү эл аралык сыйлыктардын болушун;
5) биринчи категориядагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын болушун;
6) биринчи жана экинчи категориялардагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын болушун;
7) биринчи, экинчи категориялардагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана биринчи категориядагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушун;
8) инсандын элесин түбөлүккө калтыруу пландалган калктуу конуштун аймагында 5 жылдан кем эмес жашагандыгын.
6. Комиссия өлкөнү коргоодо каза болгон жарандардын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
- жаран согуштук аракеттердин жүрүшүндө каза болгон;
- жаран Кыргыз Республикасын коргоо боюнча күжүрмөн милдеттерди же кызматтык милдеттерди аткарууда каза болгон.
7. Комиссия маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка каармандарынын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
1) каарман менен өлкөнүн ортосунда туруктуу ассоциациянын болушун;
2) каарманда жана анын иш-аракеттеринде туруктуу позитивдүү коннотациянын болушун;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте жана инсандар аралык баарлашууда маданият жана искусство чыгармаларынын бат-бат цитаталанышын;
4) спектаклдер, кино жана мультипликациялык фильмдер жана чыгармачылыктын башка формалары аркылуу маданият жана искусство чыгармаларынын бат-бат көрсөтүлүшү.
8. Комиссия чет мамлекеттердин көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароодо төмөнкүдөй кошумча критерийлерди жетекчиликке алышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунуштамаларын;
2) жарандарынын элесин түбөлүккө калтыруу сунушталган өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин сунуштамаларын;
3) ушул Тандоо критерийлеринин 3-6-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерди.