Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130, 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон башка адамдардын (мындан ары көрүнүктүү ишмерлер) элесин түбөлүккө калтыруу боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу максатында түзүлгөн.
(Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, анын компетенциясына таандык маселелерди чечүүдө Комиссияга көмөк көрсөтүшөт.
II. Комиссиянын функциялары жана укуктары
4. Комиссиянын негизги милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселелерди чечим кабыл алуу жолу менен кароо жана ал чечимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;

- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылуу;
- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомчулукка маалымдоо.
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн отурумдарында көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте угууга;
- көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча сунушталган чараларга эксперттик баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн, ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду өзүнүн ишине тартууга;
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу ыкмаларын жана формаларын андан ары өркүндөтүү боюнча Комиссиянын протоколдук чечимин кабыл алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, республиканын мамлекеттик органдарына киргизүүгө.

III. Комиссиянын ишин уюштуруу
6. Комиссиянын отуруму зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Отурумдарга Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республиканын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.

7. Комиссиянын отуруму, эгерде аларга Комиссиянын курамынын 2/3ден кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын чечими отурумга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана башка мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырма түрүндө таризделет.

8. Комиссиянын иши Катчылык- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик бөлүмү тарабынан бөлүмдүн башчысы - Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында камсыз кылынат.

9. Комиссияга мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнүч каттар кезектеги отурумга үч ай калганга чейин берилиши керек.
10. Комиссиянын отурумуна анын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
IV. Комиссиянын маселелерди кароо тартиби
11. Элесин түбөлүккө калтыруу боюнча маселелер Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каттары боюнча каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, райондордун, шаарлардын тиешелүү органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мене макулдышуудан кийин Кыргызс Республикасынын Министрлер Кабинетине алдын ала киргизилет. Келип түшкөн өтүнүч каттар жана тиркелген материалдар келип түшкөн учурдан тартып үч айдан кечиктирбей Комиссия тарабынан каралат. Бардык материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.

Зарыл болгон макулдашуулар док болсо, ошондой эле ушул Жобонун 11,12, жана 16-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттар канааттандыруудан баш тартылат.

Өтүнүч катка сунушталып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле коомдук изилдөөлөрдүн, сурамжылоолордун жыйынтыктары, зарыл болгон долбоордук (эскиз стадиясында: эстеликтин, обелисктердин ж.б. долбоорлору) документтер, ишмерлердин атын географиялык объектилерге ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катты берүүдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу тиркелет.
13. Комиссиянын катчылыгы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттарды жалпылайт, чечимдин долбоорун даярдайт жана документтерди сунуштама чечим чыгаруу үчүн Комиссиянын кароосуна киргизет.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүнүктүү ишмердин атын проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айылдык сейилбактарга, бульварларга, көчөлөргө жана чолок көчөлөргө ыйгаруу аркылуу элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда Комиссия сунуштаган чечимди эске алышат.
15. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- көрүнүктүү ишмерлердин иштери жөнүндө элести түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди, таш мамыларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды жана объекттерди орнотуу;
- көрүнүктүү ишмерлердин өмүрү жана иши менен тарыхый жактан байланышкан айрым аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү;
- көрүнүктүү ишмерлерге арналган мемориалдык музейлерди түзүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, эстелик белгилерин куруу;
- көрүнүктүү ишмерлердин ким экендиги жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, аларга арналган искусство жана адабий чыгармаларды жаратуу;
- ишмерлердин аттарын физика-географиялык объекттерге, административдик-аймактык бирдиктерге, айылдарга, көчөлөргө жана аянттарга, проспекттерге жана аллеяларга, калктуу конуштардын аймактарындагы башка шаар куруу объекттерине, менчиктин мамлекеттик же муниципалдык формасындагы ишканаларга жана мекемелерге, анын ичинде билим берүү уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө жана башка мекемелерге берүү;
- эстелик даталарын жана эскерүү күндөрүн белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин сүрөттөрүн акча белгилеринде чагылдыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130, 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Комиссия өз чечимдерин кабыл алууда төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы менен сыйланган адамдарды кошпогондо, көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу алар каза болгондон тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин ишке ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысымын алып жүргөн объекттерге көрүнүктүү ишмерлердин ысымын берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле көрүнүктүү ишмердин ысымын бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече бир типтүү объекттерге берүүгө жол берилбейт;
- 15-пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн формада көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтырууга, эгерде бул монументалдык даңазалоо боюнча чараларда каралбаса жана калктуу конуштун шаар куруу планы менен макулдашылбаса жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы N 159 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
18. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө элести түбөлүккө калтыруучу эстеликтерге, таш мамыларга, обелисктерге мемориалдык такталарга, башка мемориалдык курулмаларга жана объекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурастын эстеликтери статусу берилиши мүмкүн.
Бул объекттер "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан эсепке алынууга жана корголууга тийиш.
Көрүнүктүү ишмердин ысмы берилген объекттерди эсепке алуу жана күтүү бул объекттер карамагында болгон мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар тарабынан жүргүзөт. Мында ар бир эстелик объектине паспорт түзүлөт.
Объекттердин аталыштарынын, алардагы жазуулардын тексттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылат.
19. Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине ат коюуга жана атын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдардан тышкары, элесин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык түрлөрү өтүнүч кат берген жана кызыкдар уюмдардын, адамдардын же демөөрчүлөрдөн эсебинен жүргүзүлөт.
20. Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдөн каржыланат:
- республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте республикалык бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан;
(Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130 токтомунун редакциясына ылайык)
- жергиликтүү деңгээлде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгилеген тартипте жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 143 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130, 2023-жылдын 22-мартындагы № 159, 2023-жылдын 14-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымдарын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин сүрөттөрүн акча белгилеринде чагылдыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы №130, 2023-жылдын 22-мартындагы № 159, 2023-жылдын 14-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)