Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-апрели № 180
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында айыл өкмөттөрүнүн арасында "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс төмөнкү байге фонду менен уюштурулсун:
1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
3-орун үчүн - 1,0 млн. сом.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |