Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-апрели № 186
ОМК-3 (оор механикалаштырылган көпүрө) комплектинен көпүрө арымдарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ыкчам башкаруу укугундагы ОМК-3 (оор механикалаштырылган көпүрө) комплектинен беш көпүрө арымы Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак, Чолпон, Кара-Суу, Кош-Дөбө айыл аймактарынын жана Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү көпүрө арымдарын кабыл алууну, сактоону жана аны максаттуу пайдаланууну камсыз кылышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |