Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-апрели № 187
"Бодо малды жасалма уруктандыруунун 300 пунктун ачуу" долбоору боюнча сатылып алынган жабдууларды жана материалдарды кайра насыялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9-пунктуна ылайык, "Жасалма уруктандыруунун 300-пунктун ачуу" долбоору боюнча Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген насыялык каражаттарды кайра насыялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 354-б буйругуна ылайык жабдууларды, материалдарды жана букалардан алынган уруктарды сатып алуу үчүн эсепке алуу курсу боюнча сомдун эквивалентиндеги 480000 (төрт жүз сексен миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кайтарымдык негизде берсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында насыяны төлөө эсебине келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жумшала турган каражаттарды топтоо үчүн өзүнчө депозиттик эсеп ачсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду жасалма уруктандыруу үчүн комплектти алуучулар менен насыялык-күрөөлүк документтерди төмөнкү шарттарда тариздесин:
- насыяны алуу мөөнөтү - 6 жыл;
- жеңилдетилген мезгил - 18 ай;
- пайыздык коюм - жылдык 2 пайыз;
- жабдуулардын наркынын 20 пайызы насыя боюнча карызды төлөө эсебине кирет;
- насыя предметинин өзү күрөөлүк камсыздоо болуп саналат;
- насыяны кечиктирип төлөө мөөнөтүндө ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,05% өлчөмүндөгү айыптык санкция белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги насыялык-күрөөлүк документтер таризделгенден кийин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун катына ылайык жасалма уруктандыруу пункттары үчүн комплекттерди техник-уруктандыруучуларды даярдоо курсунан өткөн жеке адамдарга бөлүштүрсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жасалма уруктандыруу пункттарын ачууга жана натыйжалуу иштөөсүнө колдоо көрсөтүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |