Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 11-апрели № 188
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
"388" цифралары "359" цифраларына алмаштырылсын;
"ведомствого караштуу бөлүктөр" деген сөздөр жана "29" цифралары алып салынсын;
- 3-пунктундагы "328" жана "82" цифралары тиешелүү түрдө "335" жана "89" цифраларына алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "381" жана "147" цифралары тиешелүү түрдө "330" жана "96" цифраларына алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "6020", "72" жана "5763" цифралары тиешелүү түрдө "5349", "82" жана "5082" цифраларына алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "207" жана "132" цифралары тиешелүү түрдө "227" жана "152" цифраларына алмаштырылсын;
- 11-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"497", "94" жана "45" цифралары тиешелүү түрдө "520", "88" жана "74" цифраларына алмаштырылсын;
- 12-пунктунда:
"Маданият" деген сөздөн кийин ", маалымат" деген сөз менен толукталсын;
"171" жана "45" цифралары тиешелүү түрдө "180" жана "54" цифраларына алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "1496,5" жана "72" цифралары тиешелүү түрдө "1502,5" жана "78" цифраларына алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "2044" жана "51" цифралары тиешелүү түрдө "2052" жана "59" цифраларына алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"1164" жана "64" цифралары тиешелүү түрдө "1144" жана "44" цифраларына алмаштырылсын;
- 18-пунктундагы "342" жана "83" цифралары тиешелүү түрдө "334" жана "75" цифраларына алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 18-1 жана 18-2 пункттары менен толукталсын:
"
┌────┬──────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│18-1│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ 81 │
│ │Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик │ │
│ │агенттиги │ │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │анын ичинде: │ │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- борбордук аппараты │ 43 │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- ведомстволук бөлүмдөрү │ - │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- аймактык бөлүмдөрү │ 38 │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│18-2│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ 43 │
│ │Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана │ │
│ │этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик │ │
│ │агенттиги │ │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │анын ичинде: │ │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- борбордук аппараты │ 43 │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- ведомстволук бөлүмдөрү │ - │
├────┼──────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │- аймактык бөлүмдөрү │ - │
└────┴──────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
";
- 23-пунктундагы "1254", "92" жана "1162" цифралары тиешелүү түрдө "1247", "83" жана "1164" цифраларына алмаштырылсын;
- 34-пунктунда:
"Санитардык," деген сөз алып салынсын;
"345", "65" жана "280" цифралары тиешелүү түрдө "906", "77" жана "539" цифраларына алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
"
┌────┬──────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│ │- ведомстволук бөлүмдөрү │ 290 │
└────┴──────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
";
- 36-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 5-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги," деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Санитардык," деген сөз алып салынсын;
- 6-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги," деген сөздөргө алмаштырылсын;
", Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция" деген сөздөр алып салынсын;
- Эскертүүдөгү сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомдо аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыккан башка толук чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |