КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 15-апрели № 196
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Аскер кызматчыларын, аскер пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн санаториялык-курорттук камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө Санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жободо:
3.2-пунктунун "а" пунктчасы "жолдомонун өздүк наркына жараша" деген сөздөрдөн кийин "коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен" деген сөздөргө толукталсын.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |