Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 197
2011-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү 2009-жылдагы дүйнөлүк финансылык кризистин улануу шарттарында жана 2010-жылы ички саясий окуялардын өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасиринин алдында өттү.
2011-жылы ресурстардын республикалык бюджетке келип түшүүсү (атайын каражаттарды, МИПтин тышкы гранттарын жана насыяларын эсепке алуу менен) 94775,5 млн. сомду же пландын 99,2 пайызын (95532,5 млн. сом) түздү. 2010-жылдын ушул сыяктуу көрсөткүчтөрүнө салыштырганда ресурстардын келип түшүүсү 34,7 пайызга көбөйгөн, бул 24425,9 млн. сомду түздү.
Республикалык бюджеттин кирешесине келип түшкөн салык жыйымдары 46125,2 млн. сомду жана салыктык эмес кирешелер - 14144,1 млн. сомду түздү. Мында салыктык кирешелер боюнча план 102,1 пайызга, салыктык эмес кирешелер боюнча - 100,4 пайызга аткарылган.
2011-жылдын аягына 3381,2 млн. сом суммада бөлүштүрүлбөгөн ресурстар болгон учурда 3014,4 млн. сомго бюджетте каралган иш-чаралардын каржыланбагандыгынан республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 83085,3 млн. сомду (96,5 пайызды) түздү.
2011-жылы мамлекеттик тышкы карыздын суммасы 2010-жылга салыштырганда номиналдык туюнтууда 186,9 млн. АКШ долларына же ИДП карата 1,7 пайызга көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын "2011-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө" отчетунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругун аткаруу боюнча иш жетиштүү эмес деңгээлде жүргүзүлгөнү белгиленген.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурдагы аудитинин натыйжалары боюнча көрсөтмөнүн 70 пунктунун ичинен 38 пункт же 54,3 пайызы аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө" отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө" тиркелген отчету көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюуну камсыздашсын, иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Финансы министрлигине маалымат беришсин;
- финансылык тартипти жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого жооптуу кызмат адамдарына тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана сунуш киргизсин, анын ичинде акт түрүндө:
- акча каражаттарынын өтмө калдыктарынын лимитин белгилөө, аларды эсепке алуу жана накталай акчанын жүгүртүү-кассалык көлөмүн болжолдоо жөнүндө;
- бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарынын механизмдерин түзүү жана аны конкреттештирүү жөнүндө;
- бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин негизги каражаттарын амортизациялоону эсептөө жөнүндө;
- бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук методологиясын тартипке салуу жана өркүндөтүү жөнүндө;
2) финансылык болжолдоону жакшыртуу, бекитилген жана иш жүзүндөгү чыгымдардын ортосундагы маанилүү өзгөрүүлөрдү азайтуу боюнча чараларды көрсүн;
3) төмөнкүлөр боюнча иштерди күчөтсүн:
- Казыналыкты модернизациялоо жана мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоо;
- ички мамлекеттик инвестициялар алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
4) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- эсептөөлөргө жана негиздемелерге ылайык, жергиликтүү бюджеттерге түшпөй калган кирешелерди компенсациялоого каражаттарды бөлүүнү;
- алынган каражаттарды жана күрөөлүк документтерди мыйзамга ылайык тариздөөнү;
- экономикалык классификация боюнча гана чыгымдоону.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- "борборлоштурулган иш-чаралар" каражаттарын түзүү жана пайдалануу, жогорку окуу жайларын жана орто кесиптик окуу жайларын бюджеттик каржылоо тартибин регламенттөөчү, ошондой эле жогорку окуу жайларын жана орто кесиптик окуу жайларын бюджеттик каржылоо методикаларын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- билим берүүгө сарптоолорду жүргүзүүгө, класс-комплекттерди ашыкча комплекттөөгө, окуу жүгүнүн ашыкча болуусуна жол бербөөгө, категориялык гранттарды түзүүдө билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акы фондуна педагогикалык кызматкерлерге алып салынган кошумча акыны киргизбөөгө контролдукту күчөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "борборлоштурулган иш-чаралардын" акча каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун, жалпыга маалымдоо каражаттарына калем акы төлөөнүн механизмин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги сапаттуу макроэкономикалык болжолдоону камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылышсын жана төлөм тартибинин абалын жогорулатышсын;
- сатуудан салыктарды жана ыктыярдуу патенттин негизинде түшкөн салыктарды жыйноону ишке ашырууга контролдукту күчөтүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттик мүлктөн түшкөн дивиденддерди жана аны менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелерди так пландаштырсын жана бюджетке түшүүсүн камсыздасын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |