Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 16-апрели № 199
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемелеринин кызматкерлери тарабынан төлөнгөн каражаттарга салык салуу маселесин мыйзамдуу жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-жыл, № 8, 922-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 167-берене төмөнкү мазмундагы 41-пункт менен толукталcын:
"41) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын каражат менен камсыздоо.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2006-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти