Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 134
Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүү жана социалдык жактан колдоону координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Атайын эсепти башкаруу Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык жактан колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлсүн, комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 токтому менен бекитилген |

1. Жалпы жоболор
2. Атайын эсепти түзүү булактары
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Турак жай сатып алууда же курууда атайын эсептин каражаттарын
пайдалануу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана алган жаракатынын натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп табылган жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин жана шартын аныктайт.
2. Атайын эсепти тескөөчү болуп Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык жактан колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамкомиссия) эсептелет, комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
2. Атайын эсепти түзүү булактары
3. Атайын эсеп төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин кайрымдуулук төгүмдөрүнүн жана кайыр берүүлөрүнөн;
2) эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынын;
3) кайрымдуулук акцияларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-чараларды өткөрүүнүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.

4. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ, Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн гана арналган жана анын ичинде төмөнкүлөргө жумшалат:
1) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды диспансерлөөгө, дарылоого, протездөөгө жана реабилитациялоого (санаторий-курорттук дарылоо);
2) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн көп квартиралуу турак үйлөрдү курууга;
3) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга турак үй сатып алуу же куруу үчүн берүүгө;
4) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун элесин түбөлүккө калтырууга.
5. Атайын эсептин каражаттарын ушул Жободо каралбаган башка максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Мамкомиссия тарабынан кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Атайын эсептен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер боюнча министрликтер жана ведомстволор атайын эсептен чыгымдоо үчүн керектүү документтерди даярдашат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары - Борбордук казыналык) жиберишет.
8. Борбордук казыналык министрликтер жана ведомстволор даярдаган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсептин каражаттарынан чыгымдоо үчүн банкка кат-арызды жиберет.
9. Борбордук казыналык атайын эсептеги акча каражаттардын кыймылына эсеп жүргүзөт жана Мамкомиссияга, Өкмөткө атайын эсептен каражаттарды которуу жөнүндө маалымат берет.
10. Ушул Жобонун 4-пунктунун 3-пунктчасында каралган каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) эсептелет.
11. Департамент тапшырыкчы катары чыгат, белгиленген тартипте долбоорлоочу жана куруучу уюмдар, жабдууларды жана курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт жана алар тарабынан курулуштун мөөнөтүнүн сакталышын жана сапатын камсыз кылат, эгерде бул Мамкомиссиянын тиешелүү чечими менен каралса.
12. Департамент Мамкомиссияга каражаттардын пайдаланылышы, акча каражаттарынын берилиши жана курулуштун жүрүшү жөнүндө квартал сайын отчет берип турат.
4. Турак жай сатып алууда же курууда атайын эсептин
каражаттарын пайдалануу тартиби
13. Турак жай сатып алуу же куруу үчүн атайын эсептен каражаттарды пайдаланууга укугу бар адамдардын тизмеси Мамкомиссиянын чечими менен бекитилет.
14. Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткан адамдардын турак жай сатып алууну же болбосо курууну тандоого укугу бар. Мында турак жай сатып алуу же куруу Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майындагы окуялар болгон учурда катталган жери боюнча ишке ашырылат.
15. Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн турак жай сатып алууга же курууга атайын эсептен каражаттарды алуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- паспорт же алуучунун ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- банктык маалым даректер (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринин биринде ачылган алыш-бериш эсеби).
16. Департамент Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн турак жай сатып алууга атайын эсептен каражаттарды эки транш менен которот.
17. Департамент Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн турак жай курууга төмөнкү тартипте аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышы боюнча үч этаптагы транш менен атайын эсептен каражаттарды которот:
биринчи транш - жер казуу иштеринин башталышы, пайдубалды түптөө;
экинчи транш - дубалын тургузуу жана чатырын жабуу;
үчүнчү транш - эшик-терезелерди коюу, жасалгалоо жана башка иштер.
Мында кийинки транштар боюнча бөлүштүрүлгөн каражаттар, мурунку транштар боюнча которулган каражаттардын эсебинен аткарылган иштердин актылары Департаментке берилгенден кийин которулат.
18. Турак жай сатып алууга же курууга транштарды төлөө суммасы жана мезгилдүүлүгү Мамкомиссия тарабынан аныкталат. Мында мурунку транш боюнча которулган каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда, кийинки транш боюнча сумма которулбайт.
19. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20.( КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 134
Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүү жана социалдык жактан колдоону координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Атайын эсепти башкаруу Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык жактан колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлсүн, комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95, 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Атайын эсепти түзүү булактары
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Турак жай сатып алууда же курууда атайын эсептин каражаттарын
пайдалануу тартиби
1. Ушул Жобо Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана алган жаракатынын натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп табылган жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин жана шартын аныктайт.
2. Атайын эсепти тескөөчү болуп Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык жактан колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамкомиссия) эсептелет, комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Атайын эсеп төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин кайрымдуулук төгүмдөрүнүн жана кайыр берүүлөрүнөн;
2) эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынын;
3) кайрымдуулук акцияларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-чараларды өткөрүүнүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
4. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ, Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн гана арналган жана анын ичинде төмөнкүлөргө жумшалат:
1) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды диспансерлөөгө, дарылоого, протездөөгө жана реабилитациялоого (санаторий-курорттук дарылоо);
2) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн көп квартиралуу турак үйлөрдү курууга;
3) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга турак үй курууну кошо каржылоо (пайдубалын, дубалын, чатырын кѳтѳрγγ) үчүн берүүгө;
4) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун элесин түбөлүккө калтырууга.
5) Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Атайын эсептин каражаттарын ушул Жободо каралбаган башка максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Мамкомиссия тарабынан кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Атайын эсептен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер боюнча министрликтер жана ведомстволор атайын эсептен чыгымдоо үчүн керектүү документтерди даярдашат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары - Борбордук казыналык) жиберишет.
8. Борбордук казыналык министрликтер жана ведомстволор даярдаган документтердин негизинде атайын эсептин каражаттарынан чыгымдоо үчүн банкка кат-арызды жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Борбордук казыналык атайын эсептеги акча каражаттардын кыймылына эсеп жүргүзөт жана Мамкомиссияга, Өкмөткө атайын эсептен каражаттарды которуу жөнүндө маалымат берет.
10. Ушул Жобонун 4-пунктунун 3-пунктчасында каралган каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) эсептелет.
11. Департамент тапшырыкчы катары чыгат, белгиленген тартипте долбоорлоочу жана куруучу уюмдар, жабдууларды жана курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт жана алар тарабынан курулуштун мөөнөтүнүн сакталышын жана сапатын камсыз кылат, эгерде бул Мамкомиссиянын тиешелүү чечими менен каралса.
12. Департамент Мамкомиссияга каражаттардын пайдаланылышы, акча каражаттарынын берилиши жана курулуштун жүрүшү жөнүндө квартал сайын отчет берип турат.
13. Турак жай курууну кошо каржылоо үчүн атайын эсептен каражаттарды пайдаланууга укугу бар адамдардын тизмеси Мамкомиссиянын чечими менен бекитилет.
14. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн турак жай курууну кошо каржылоого атайын эсептен каражаттарды алуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- паспорт же алуучунун ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- банктык маалым даректер (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринин биринде ачылган алыш-бериш эсеби).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
16. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Департамент Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга турак жай курууга кошо каржылоону төмөнкү тартипте аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша эки этаптагы транш менен атайын эсептен каражаттарды которот:
биринчи транш - пайдубалды түптөөгө;
экинчи транш - дубалын көтөрүүгө жана чатырын чыгарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Турак жай курууну кошо каржылоого транштарды төлөө суммасы жана мезгилдүүлүгү Мамкомиссия тарабынан аныкталат. Мында биринчи транш боюнча которулган каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда, экинчи транш боюнча сумма которулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабры № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)