Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-марты № 135
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Ч.Т.Айтматовдун эстелигин жана көрүстөн үстүнө курулма куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында, ата-мекендик жана дүйнөлүк адабиятты, искусствону жана маданиятты өнүктүрүү ишинде сиңирген зор эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Ч.Т.Айтматовдун эстелигин жана көрүстөн үстүнө курулма куруу жөнүндө "Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму" фондунун сунушу кабыл алынсын.
2. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Ч.Т.Айтматовдун эстелигин жана көрүстөн үстүнө курулмасын жанаша аймакты көрктөндүрүү менен куруу "Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму" фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Ч.Т.Айтматовдун эстелигинин дизайнын иштеп чыгууга, ошондой эле көрүстөн үстүнө курулма курууга жана эстеликти орнотууга байланышкан чыгымдар "Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму" фондунун эсебинен жүргүзүлөөрү эске алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Ата-Бейит" комплексинин эсепке алуу-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |