КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 224
Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688, 2017-жылдын 18-августундагы № 501, 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жѳнγндѳ" "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык, биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде эндемикалык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген объекттерди, ошондой эле мумие камтыган минералдык сырьену жана козу карындарды тиешелүү түрдө коргоо, аларды мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кайталангыс объекттерине (сейрек эндемикаларга жана корголуучу түрлөрүнө) зыян келтиргени үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- республиканын аймагында жыйноого уруксат берилген дары жана техникалык өсүмдүктөрдүн тизмеси жана аларды юридикалык жана жеке жактардын камдоосуна лимиттер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн такса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын балык запастарына жана суудагы биологиялык ресурстарга келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы.
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн суммалар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине төлөнө тургандыгы белгиленсин, алардын 30 пайызы эреже бузууну аныктаган жана акты түзгөн адамдарга (протоколдорду/актыларды түзүүчүлөргө) сыйлык берүүгө жумшалат, 70 пайызы бирдей өлчөмдө республикалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине которулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарына, ошондой эле мумие камтыган минералдык сырьего келтирилген зыян үчүн доонун өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403 "Токой чарбасына келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403 "Токой чарбасына келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кайталангыс объекттерине (сейрек эндемикаларга жана корголуучу түрлөрүнө) зыян келтиргени үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
┌──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│№ │ Эреже бузуунун түрү │ Такса │
│ │ │(сом менен) │
├──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ 1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген │
│ өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн │
│ жок кылуу же мыйзамсыз жыйноо │
├──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│1 │Мыйзамсыз кыйылган же бузулган ар бир 3 жашка чейинки│ 300 │
│ │дарак үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│2 │Мыйзамсыз кыйылган, сөңгөгүнүн түбүндөгү диаметри 20 │ 100000 │
│ │см'дан ашкан ар бир бак үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│3 │Мыйзамсыз кыйылган ар бир бадал үчүн │ 15000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│4 │Лиананын бир даанасын мыйзамсыз жок кылгандык же үзүп│ 4500 │
│ │алгандык үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│5 │Чөп өсүмдүктөрүнүн бир даанасын (сабакты же чамбарды)│ 300 │
│ │мыйзамсыз үзгөндүк жана тергендик үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│6 │Козу карындын бир даанасын (мөмөсүн) мыйзамсыз │ 225 │
│ │тергендик үчүн │ │
├──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ 2. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине │
│ киргизилген өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын │
│ түрлөрүнүн өсүү чөйрөсүн бузуу │
├──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│7 │Чөп өсүмдүктөрүнүн жана козу карындардын түрлөрүнүн │ 450000 │
│ │аянты 1 га болгон өсүү участогун жок кылгандык үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│8 │Жыгач-бадал өсүмдүктөрдүн аянты 1 га болгон өсүү │ 750000 │
│ │участогун жок кылгандык үчүн │ │
├──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ 3. Кыргыз Республикасындагы сейрек эндемика болгон │
│ (таралуу ареалы өсүмдүктөрдүн бир гана тиби менен чектелген) │
│ өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн жок кылгандык │
│ же мыйзамсыз тергендик │
├──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│9 │Мыйзамсыз кыйылган, сөңгөгүнүн диаметри түбүндө 20 │ │
│ │см'дан ашпаган, жашы 3 жылдан жогору ар бир дарак │ │
│ │үчүн, анын ичинде: │ │
│ │- жалбырактуу дарак үчүн; │ 45000 │
│ │- ийне жалбырактуу дарак үчүн │ 75000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│10│3 жашка чейинки мыйзамсыз кыйылган же бузулган ар бир│ 300 │
│ │дарак үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│11│Сөңгөгүнүн диаметри түбүндө 20 см'дан ашкан мыйзамсыз│ 100000 │
│ │кыйылган ар бир дарак үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│12│Мыйзамсыз кыйылган ар бир бадал үчүн │ 15000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│13│Лиананын бир даанасын жок кылгандык же мыйзамсыз │ 4500 │
│ │алгандык үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│14│Чөп өсүмдүктөрүнүн бир даанасын (сабакты же чамбарды)│ 300 │
│ │мыйзамсыз үзгөндүк жана тергендик үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│15│Козу карындын бир даанасын (жемишин) мыйзамсыз │ 225 │
│ │тергендик үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│16│Балырларды мыйзамсыз алгандык үчүн, 1 кг үчүн (чийки │ 1500 │
│ │түрүндө) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│17│1 кв.дм аянттан эңилчектерди же мох сымалдууларды │ 225 │
│ │мыйзамсыз жыйнап алгандык үчүн │ │
├──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┤
│ 4. Кыргыз Республикасындагы сейрек эндемика болгон │
│ (таралуу ареалы өсүмдүктөрдүн бир гана тиби менен │
│ чектелген) өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын │
│ түрлөрүнүн өсүү чөйрөсүн бузгандык │
├──┬─────────────────────────────────────────────────────┬────────────┤
│18│1 кв.м аянтта эңилчектердин же мох сымалдуулардын │ 2300 │
│ │түрлөрүнүн өсүү участогун жок кылгандык үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│19│1 га аянтта чөп өсүмдүктөрдүн же козу карындардын │ 450000 │
│ │түрлөрүнүн өсүү участогун жок кылгандык үчүн │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│20│1 га аянтта жыгач-бадал өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн өсүү│ 750000 │
│ │участогун жок кылгандык үчүн │ │
└──┴─────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
Эскертүү:
1. Өсүү чөйрөсүн бузуу (өскөн участокторду же өскөн жерлерди жок кылуу) менен келтирилген зыян үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксалар өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүнө колдонулат жана тиешелүү коэффициенттери менен колдонулат:
токой, чөл жана таштак жерлер - коэффициенти 2 (зыяндын суммасы 2 эсеге көбөйтүлөт);
талаалар, бийик тоолуу алкактын, ошондой эле альпы шалбааларынын, петрофиттердин, галофиттердин формациялары - коэффициенти 3.
Өсүмдүктөрдүн жана формациялардын калган типтери Кыргыз Республикасынын Атласындагы "Өсүмдүктөр" картасына ылайык ("Кыргыз ССРинин Атласы", 1-том, 1987-ж.) - коэффициенти 1.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жана жеке жактардын дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
Эреже бузуунун түрү | Такса (сом менен) |
Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) | |
Өсүүсү токтоп калуучу даражага чейин кыйылган же зыянга учуратылган ар бир дарак (бадал) үчүн: 10 жылдан ашкан жаштагы жана түбүндөгү диаметри кабыгы менен төмөнкүдөй болгон дарактар: 4,0 см'га чейин 4,1 см'дан 8,0 см'га чейин 8,1 см'дан 12,0 см'га чейин 12,1 см'дан 16,0 см'га чейин 16,1 см'дан 20,0 см'га чейин 20,1 см'дан 24,0 см'га чейин 24,1 см'дан 28,0 см'га чейин 28,1 см'дан 32,0 см'га чейин 32 см'дан ашык диаметрдеги ар бир см үчүн – бадал породалар - ар бир түп үчүн - келтирилген зыян өсүүсү токтоп калышына дуушарлантпаган, жашы 10 жылдан ашкан ар бир дарак же бадал үчүн дарак породалардын уюлунун ар бир килограммы үчүн: - жаңгак уюлу; - башка породалардын уюлдары |
381,48 508,6 635,76 762,92 890,07 1017,2 1144,39 1271,58 381,48 507,06 381,48
500,2 250,08 |
Эскертүү:
1. Кургап калган жыгачтарды уруксатсыз кыйганда, бороондон жана шамалдан жыгылган жана сынган жыгачтарды уруксатсыз алууга (уурдоого) карата бул таксалар колдонулбайт, ал эми зыян дарак породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына колдонулуп жаткан таксалар боюнча, эки эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык).
2. Бак-дарактардын өсүүсүн токтотуучу зыяндарга төмөнкүлөр кирет: кабыгы сөңгөктүн айланасынын жарымынан көп болгон өлчөмдө терең сыйрылышы (камбийге чейин) же күйүшү; даракты диаметринин үчтөн биринен ашык кыюу; негизги тамырларын кесүү; дарак таажысынын негизги бутактарын кесүү.
3. Декабрь-январь айларында ийне жалбырактуу породадагы дарак-бадал өсүмдүктөрдү мыйзамсыз кыйгандык, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтиргендик, уруксатсыз алып кеткендик үчүн зыяндын өлчөмү тийиштүү өлчөмдөгү жаңы жылдык ийне жалбырактуу породалардын прейскуранттык (рыноктук) баасынын он эсе өлчөмүндө эсептелет.
4. Ийне жалбырактуу породадагы дарак-бадал өсүмдүктөрдү мыйзамсыз кыйгандык, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтиргендик, уруксатсыз алып кеткендик үчүн айыптын өлчөмү эки эсе көбөйтүлөт.
5. 10 жашка чейинки бак-дарактарды жок кылуу же зыян келтирүү менен токой чарбасына келтирилген зыян үчүн жазанын өлчөмү ушул токтомго 1-тиркемеде каралган нормативдер менен аныкталат.
Темир, автомобиль жолдоруна жана каналдарга бөлүнгөн тилкелердеги коргоочу бак-дарактарга, шаарлардагы жана башка калктуу конуштардагы шаар бактары ээлебеген жерде өскөн дарактарга, бадалдарга, жашылдандыруучу өсүмдүктөрдүн топторуна, дарак-бадал өсүмдүктөргө зыян келтиргендик үчүн айыптын өлчөмү өзгөчө корголуучу аймактар үчүн белгиленген такса боюнча эсептелет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык).
6. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтирүү үч эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
┌──┬───────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│№ │ Эреже бузуулардын түрү │ Такса │
│ │ │ (сом менен) │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │Мыйзамсыз кыйылган же бузуунун кесепетинен │Токой чарбасына │
│ │өсүүсү токтоп калган ар бир дарак (бадал) үчүн │келтирилген │
│ │ │зыяндын ордун │
│ │ │толтуруу үчүн │
│ │ │белгиленген │
│ │ │өлчөмдө эсептелет │
├──┼───────────────────────────────────────────────┤ │
│2 │Өсүүсүнө таасир этпеген зыянга учуратылган │ │
│ │ар бир дарак же бадал үчүн │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┤ │
│3 │Тыюу салынган же токой белети боюнча гана │ │
│ │уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди,│ │
│ │жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык │ │
│ │өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн │ │
│ │белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден │ │
│ │(лимиттен) ашык жыйнагандык үчүн, ар бир кг │ │
│ │үчүн │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4 │Жапайы өскөн дары жана техникалык сырьену │Рыноктук баасынан │
│ │мыйзамсыз сатып алгандык, иштеткендик, │беш эсе өлчөмдө │
│ │сактагандык жана саткандык үчүн: │ │
│ │- чычырканактын, ит мурундун (томотойдун) майы,│ │
│ │100 гр үчүн; │ │
│ │- чычырканактын ширеси, 1 л үчүн; │ │
│ │- дары жана техникалык өсүмдүктөр, 1 кг кургак │ │
│ │масса үчүн; │ │
│ │- мумие, чийкисинин 1 гр үчүн; │ │
│ │- мумие, даярынын 1 гр үчүн │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5 │Камышты кыйгандык жана жок кылгандык, ошондой │ │
│ │эле белгиленген лимиттен ашык даярдагандык │ │
│ │үчүн: │ │
│ │- өсүмдүктүн жок кылынган ар бир кв.м үчүн; │ 10 │
│ │- жыйылган массанын ар бир кубометри үчүн │ 100 │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│6 │Чийди белгиленген лимиттен ашык даярдагандык │ 50 │
│ │үчүн, 1 кг үчүн │ │
└──┴───────────────────────────────────────────────┴──────────────────┘
Эскертүү:
1. Мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик табигый парктардын жана башка өзгөчө корголуучу аймактардын чөлкөмүндө өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарына (анын ичинде мумие камтыган сырьего) келтирилген зыян үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө зыян келтиргендик же бузгандык үчүн айыптын өлчөмү ушул таксалар боюнча эки эсеге көбөйтүлүп эсептелет.
2. Дары жана техникалык сырьего сатык баалар "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
3. Тыюу салынган же токой белети боюнча гана уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди, жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден ашык жыйнагандык үчүн айыптын өлчөмү (лимиттен ашык ар бир килограмм үчүн) ушул таксага жараша, "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептелет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Республиканын аймагында жыйноого уруксат берилген дары жана техникалык өсүмдүктөрдүн тизмеси жана аларды юридикалык жана жеке жактардын камдоосуна ЛИМИТТЕР
┌───────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│ Өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн аталышы │ Чийки түрдөгү │
│ │ сырьенун саны │
│ │ (салмагы), кг │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жунгар уу коргошуну (эндемиктерден башкасы) │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Дары гүлкан │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кемпир муштум, жалбырагы жок күрмөк │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сыйкырдуу түлкү машак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки бөрү карагат - казып алууга арналган │Чектелген эмес │
│бадалдардын тамырлары │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бөрү карагат (эндемиктерден жана Кызыл китепке │ 5 │
│киргизилгенден башкасы) - мөмөсү │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кара меңдубана │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кайың - бүчүрлөрү │ 0,5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Самаркан өчпөс гүлү │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Тамчылуу сасык балтыркан │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Долоно, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке │Чектелген эмес │
│киргизилгенден башкасы) │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жалбырактуу бетоника │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чоң кой жалбырак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Осмо │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Туркестан мышык тамыры │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сасык, кичи марал чөп │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жоон уруктуу вексибия, кадимки вексибия │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Алтын буплерум │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Көгүлтүр түк баштуулар │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки адырашман │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Гельцер чеге гүлү │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Татар гирчовниги │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Альпы, өңдөөчү (таран), жунгар кымыздыгы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Суу, сулу кымыздыгы │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Төшөлгөн сабактуу кымыздык │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Түркстан горечавкасы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кызгылт же сойломо горчак │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чоң карындыз │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Дары кашка беде │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки эмен - кыюуга арналган дарактардын кабыгы │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки меңдубана │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Тикендүү, кадимки маңкоо │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки көк чай │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Вайлант дымянкасы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бүлдүркөн │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жайылма даргыны │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жарым сакалчалуу бүтөөлөр │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ич алдыргыч кара моюл, крушина │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ак тикен, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Орто жылдызча │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сары чай чөп │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кожогат │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Көкөмерен │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Аркар оту │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Too шимүүрү │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жылтыркан │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Калина │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кочи катраны │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Аюу кулак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бротерус кортузасы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Эки үйүрлүү чалкан │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Дары сангупсарбасы │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жүгөрү - чачыктуу мамычалар │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Казтаман │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бугу тамыр, марал чөп │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Эверсмандын леонтицеси │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жөкө дарак - гүл │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чыгыш жебелгеси │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Тегиз уруктуу, тытыш түктүү уйгак │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ичке жалбырактуу жийде │ 1,5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Көп жалбырактуу, афлатун пиязы, көбүргөн, палласа, │ 3 │
│ачык көк, көк │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Уулуу байчечекей │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки дан куурай - мөмөлөрү │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Боеочу марена │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки өгөй эне-өз эне │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Канада жылтыр гүлү ж.б. │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Арча, бүт түрү - тобурчак мөмөлөр │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үлпүлдөк шыраалжын │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки жалбыз │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Моюлдай чычырканак │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Дары каакым │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Талаа анагаллиси │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Эркек папоротниктер │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ит жүзүм │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки койчу баштык │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Орто патриния │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки танацетум │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Перов шыбагы │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Түндүк, чыныгы эрмен │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чоң бака жалбырак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Шыбак, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) │ 10 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Түндүк проломниги │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Псоралея │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Туркестан дүлөй чалканы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сойло буудайык │Чектелген эмес │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Витрок, чоң мөмөлүү, оюктуу ышкын │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сызык жалбырактуу Семенов чегендири │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жекен │ 10 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Шишкиндин розеточницасы │ 2 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ромашка, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Четин, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке │ 5 │
│киргизилгендерден башкасы) │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жунгар скабиозасы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Көп сабактуу скерда │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Дары скребница │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Мейер, кара карагаты - мөмөлөрү │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Түксүз, урал кызыл мыясы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Тикендүү, байыркы ононис │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бальзам стизолофусу │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үч жалбырактуу жана жалбырак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үч жазылуу, кыска түктүү сумах │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Шорчул сферофиза │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ланценттүү сары мыя │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Маршал кийик оту │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки зире - мөмөлөрү │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки тростник, камыш │ 50 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Терек - бүчүрлөрү жана бутактары │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Азия, Биберштейн каз таңдайы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үч түстүү ала гүл │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Талаа кырк мууну │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки кулмак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кадимки дарчын │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Лобелдин марал кулагы │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үч бөлүктүү ит уйгак │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чий │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чоң чистотел │ 1 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Көк шимүүр, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл │ 5 │
│китепке киргизилгендерден башкасы) │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ит мурун, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Козу кулак - тамыры │ 5 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кулунчак, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл │ 5 │
│китепке киргизилгендерден башкасы) │ │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Орто чекенде │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Мык тикендер │ 3 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Уулуу ястребинка │ 3 │
└───────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
Эскертүү:
1. Бул Тизмеде көрсөтүлбөгөн өсүмдүктөр айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча гана жыйналат.
2. Тыюу салынган же токой белети боюнча гана уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди, жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден ашык жыйнагандык үчүн айыптын өлчөмү (лимиттен ашык ар бир килограмм үчүн) юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы ушул таксасы боюнча эки эсеге көбөйтүлүп эсептелет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн: | ||
№ | Жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү) | Жашына, көлөмүнө, салмагына карабастан ар бир жаныбар (башы, териси, 1 даана) үчүн таксалардын өлчөмү (сом менен) |
| Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген: | |
Сүт эмүүчүлөр | ||
1 | Илбирс | 1500000 |
2 | Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен | 1000000 |
3 | Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн | 50000 |
4 | Суусар, чаар күсөн | 10000 |
5 | Мензбир сууру | 20000 |
6 | Брандтын кирписи, жейре узун ийнелүү кирпи | 6000 |
7 | Суу чычкан, кол канаттар түркүмү же жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк | 3000 |
Канаттуулар | ||
1 | Жылкычы чулдук | 6000 |
2 | Ак кунас | 30000 |
3 | Кара кунас | 30000 |
4 | Ителги | 250000 |
5 | Кидик кара каз | 5000 |
6 | Бүркүт | 100000 |
7 | Көк жору | 100000 |
8 | Кумай | 100000 |
9 | Таз кара | 100000 |
10 | Тоодак | 200000 |
11 | Жорго тоодак | 200000 |
12 | Ак канат тоңкулдак | 3000 |
13 | Чоң чаар тоңкулдак | 3000 |
14 | Каркыра | 15000 |
15 | Шумкар | 250000 |
16 | Куркулдак ак куу | 25000 |
17 | Боздон кулаалы | 100000 |
18 | Коркоо шакылдак | 100000 |
19 | Кидик бүркүт | 100000 |
20 | Кара куш | 100000 |
21 | Чуйлу сымал бүркүтү | 100000 |
22 | Ак куйруктуу суу бүркүт | 100000 |
23 | Узун куйрук суу бүркүт | 100000 |
24 | Тармал бир казан | 50000 |
25 | Кызгылт бир казан | 50000 |
26 | Чаар бүркүт | 100000 |
27 | Боздон күйкөсү | 20000 |
28 | Ак төш кара боор бүлдүрүк | 20000 |
29 | Кара боор бүлдүрүк | 20000 |
30 | Ак баштуу өрдөк | 20000 |
31 | Кыл куйрук бүлдүрүгү | 20000 |
32 | Ылаачын | 250000 |
33 | Орок тумшук чулдук | 25000 |
34 | Ак кажыр | 100000 |
35 | Шахин | 250000 |
36 | Балыкчы куш | 100000 |
37 | Тарпчы | 100000 |
38 | Безбелдек | 200000 |
39 | Кара кур | 25000 |
40 | Кара канаттуу ача чулдук | 3000 |
41 | Чыбый кыргый | 100000 |
42 | Үкү | 30000 |
43 | Фламинго | 70000 |
44 | Каткырыкчы чардак | 3000 |
45 | Ак каз чумкуч өрдөк | 6000 |
Амфибиялар жана сойлоочулар | ||
1 | Боз эчки эмеер | 25000 |
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген | ||
1 | Доңуз | 50000 |
2 | Теке | 100000 |
3 | Элик | 50000 |
4 | Сайгак | 100000 |
5 | Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак (европа кашкулагы жана тяньшан кашкулагы) | 6000 |
6 | Суугунду, солонгой | 6000 |
7 | Ондатра, суурлар | 3000 |
8 | Ач күсөн, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, коён, чоң кош аяк жана барак бут кош аяк | 5000 |
9 | Көгүчкөндөр, бактектер, чулдуктар, суу канаттуусу, бөдөнө | 1500 |
10 | Каздар | 6000 |
11 | Чилдер | 2000 |
12 | Үкүлөр, жырткыч канаттуулар | 10000 |
13 | Улар | 6000 |
14 | Өрдөктүн бардык түрлөрү, кашкалдак | 1500 |
15 | Кыргоол | 5000 |
16 | Кытандар, кол букасы | 3000 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн айыптын өлчөмү үч эсе көбөйөт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын балык запастарга жана суудагы биологиялык ресурстарга келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн ТАКСАСЫ
┌───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│ Түрлөрдүн аталышы │ Салмагына жана көлөмүнө │
│ │карабастан балыктын же башка │
│ │суу организминин бир даанасын│
│ │ мыйзамсыз кармагандык │
│ │ же жок кылгандык үчүн │
│ │ таксанын өлчөмү (сом менен) │
├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендер: │
├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤
│Сазан кара балыгы │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Кашкак │ 3030 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Лакка │ 2000 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Көк чаар, ала буга │ 3030 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Учтуу канат │ 3030 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Тенге балык │ 3030 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Кадимки ит мурун │ 3030 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Башкалар: │ │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Ак амур │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Арал кой балыгы (кызыл ооз) │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Карас │ 303 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Арал тыраны │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Кубулма, кара балык │ 303 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Жылтырлар │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Дарыя жана кабырчыктуу көк чаар │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Момун балык │ 1010 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Плотва, кызыл канат │ 303 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Сазан, бакма каңылтырлар │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Сиг-лудога │ 1010 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Жаян │ 1010 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Судак │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Дөң маңдай │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Аму дарыя жилиңгири │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Ысык-Көл жилиңгири │ 2020 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Чабак │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Ысык-Көл май чабагы, чабактар │ 303 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Чортон │ 505 │
├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│Суу чаян │ 150 │
└───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘
Эскертүү:
1. Сом балыктарынын икраларын мыйзамсыз камдоо менен келтирген зыян үчүн жогорку сорттогу икрага колдонулуп жаткан чекене (рыноктук) баа боюнча камдалган икранын үч эсе баасынын өлчөмүндөгү сумма алынат.
2. Тоюттук объекттер болгон суудагы омурткасыздарды (кызыл курт, ызылдак курт, суу бүргөлөрү, капталдап сүзгүчтөр ж.б.) мыйзамсыз кармоо же жок кылуу менен келтирилген зыян үчүн 1 килограммына 500 сом өлчөмдөгү сумма алынат.
3. Көрсөтүлгөн таксаларды эсептөө мамлекеттик маанидеги жана жалпы пайдалануудагы көлмө-сууларда, мамлекеттик жаратылыштык коруктардын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик жаратылыштык парктардын аймагындагы жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардагы көлмө-сууларда жасалган эреже бузууларга карата колдонулат. Айыптын өлчөмү ушул такса боюнча эки эсеге көбөйтүп эсептелет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыян үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Эреже бузуунун түрү | Айыптын өлчөмү (сом менен) | |
1 | Чөптү уруксатсыз чабуу: | 1) чабынды жерлерге бөлүнгөн участоктордо: | Чабылган чөптү алып коюу менен уруксатсыз чабылган ар бир гектар үчүн: |
айдалган чөп (1 гектарына 30 ц) | чөптүн беш эсе баасы (5х30хЦ сом) | ||
табигый, жакшыртылган (1 гектарына 20 ц) | чөптүн беш эсе баасы (5х20хЦ сом) | ||
табигый, жакшыртылган эмес (1 гектарына 12 ц) | чөптүн үч эсе баасы (3х12хЦ сом) | ||
2) чөп чабуу үчүн арналбаган аянттарда | 72хЦ сом | ||
3) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде | Ушул пунктун 1 жана 2-пунктчаларында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө | ||
2 | Малды уруксатсыз жайгандык (1 баш мал үчүн): | 1) жайыт участоктордо: |
|
эки жаштан өткөн бодо мал жана жылкылар | 105 | ||
бодо малдын жана жылкынын эки жашка чейинки төлү, майда жандык (эчкилерден сырткары) | 35 | ||
майда жандык - эчкилер | 250 | ||
2) токой фондунун мал жаюу үчүн арналбаган аянттарында | Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө | ||
3) коруктардын, заказниктердин, жаратылыш парктарынын жерлеринде, шаарлардын жашыл бак-дарактуу аймактарында | Ушул эле пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө | ||
4) эчкилерди кайра дагы жайганда | Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө | ||
3 | Бал челектерди уруксатсыз жайгаштыруу |
| Бал челек ээлеген аянтка жер салыгынын 5 эсе өлчөмүндө |
Эскертүү:
1. 1 га жерден канча чөп алынаары эске алынат:
- айдалган чөп - 30 центнер;
- табигый жакшыртылган - 20 центнер;
- табигый, жакшыртылган эмес - 12 центнер.
2. "Ц" деп ушул аймакта колдонулган чекене (рыноктук) баа боюнча чөптүн 1 центнеринин баасы алынат.
3. Эгерде уруксатсыз чөп чабуу же өз эркинче мал жаюу менен токой өсүмдүктөрүнө, табигый жаш чырпыктарга жана уругунан өсүп чыккан өсүмдүктөргө зыян келтирилсе, айыптын өлчөмү ушул такса боюнча дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмү менен кошо эсептелет.
4. Чабылган чөптү алып коюу мүмкүн болбогон учурда чөптү уруксатсыз чабуу менен келтирилген зыян үчүн айып чабылган чөптүн рыноктук баасына көбөйтүлөт.