Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 250
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгынын 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- "2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду өткөрүү убагында шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайлардын өрт коопсуздугу талаптарына ылайыктуулугун текшерүүнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары:
- жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин тариздөө, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "Коомдук телеберүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Too" газеталарынын редакцияларына жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|