Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-майы № 260
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-жыл, № 7, 371-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, макамы боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо.".
2. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Электрондук визаны (документтик ырастоону) тариздөө жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|