Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-майы № 267
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жалпы илимий-технологиялык мейкиндигин түзүү жөнүндө 1995-жылдын 3-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине жана Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жалпы илимий-технологиялык мейкиндигин түзүү жөнүндө 1995-жылдын 3-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун 2-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жалпы илимий-технологиялык мейкиндигин түзүү жөнүндө 1995-жылдын 3-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|