КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-майы № 268
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык ишинин маалыматтык инфраструктурасын бөлүштүрүлгөн маалыматтык система жана "КМШга катышкан мамлекеттердин инновациялык иши үчүн маалыматтар" КМШ порталы формасында түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык ишинин маалыматтык инфраструктурасын бөлүштүрүлгөн маалыматтык система жана "КМШга катышкан мамлекеттердин инновациялык иши үчүн маалыматтар" КМШ порталы формасында түзүү жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык ишинин маалыматтык инфраструктурасын бөлүштүрүлгөн маалыматтык система жана "КМШга катышкан мамлекеттердин инновациялык иши үчүн маалыматтар" КМШ порталы формасында түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|