КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-майы № 269
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 21-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана жогорку кесиптик" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-беренесинин 2-бөлүгү "Жогорку" деген сөздөн кийин "жана кесиптик орто" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жогорку окуу жайларга кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуу учун кирген адамдар аталган программа боюнча ошол эле жогорку окуу жайларында окуусун аяктоого укуктуу экендиги белгиленсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын ошол эле жогорку окуу жайларында окуусун аяктоосу үчүн шарттарды түзсүн;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти