Редакцияот 17.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 17-майы № 273

Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу

органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга

көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга

минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө

 

"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга зарыл болгон талаптарды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттар бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2013-жылдын 24-майындагы № 42 (2308) саны менен жарыяланды

 

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев