Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-майы № 275
Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө
Тарифтер жана соода боюнча 1947-жылдын 30-октябрындагы Башкы макулдашуунун XI беренесинин 2-пунктуна ылайык, ички рыноктогу мунайзаттын кескин жетишсиздигине жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөнүн кошпогондо ТЭИ ТН 2710111100-2710119000, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900 товардык позицияларда классификацияланган бензинди, жеңил жана орто дистилляттарды жана башка бензиндерди, ТЭИ ТН 2710193100- 2710194900 товардык позицияларда классификацияланган дизелдик отунду чыгарууга он эки ай мөөнөткө тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мунайзаттарды ташып чыгаруу темир жол транспорту, ошондой эле автомобиль транспорту менен 10 автомашинадан кем эмес колоннада, товарды бажылык коштоо менен гана ишке ашырылаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат (финансылык полиция), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетинин Катчылыгына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соодалык ишти жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтомго ылайык тышкы соодалык ишти жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана он эки ай жарактуу болот.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |