Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 222 токтому менен бекитилген |
1. Кириш сөз
2. Учурдагы жагдайды жана проблемаларды талдоо
3. Программанын негизги максаттары жана милдеттери
4. Программаны ишке ашыруу механизми
5. Программанын индикаторлору
6. Каржылоо булактары
7. Күтүлүүчү натыйжалар
8. Программаны ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер
9. Программанын мониторинг системасы жана ишке ашырууну баалоо
1. Кириш сөз
Бул Программа эмгек мигранттарын толук социалдык, анын ичинде пенсиялык укуктарын камсыз кылуу механизмин ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, алардын жумушка орношуу шарттарын жакшыртууга, колдонулуп жаткан эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды эске алуу менен мыйзамсыз эмгек миграциясынын маселелерин чечүүгө багытталган, атап айтканда:
- 1992-жылдын 13-мартында Москва шаарында кол коюлган, Пенсия менен камсыз кылуу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө КМШ мамлекеттеринин макулдашуусу;
- 1994-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Эмгек миграциясы жана эмгекчи мигранттарды социалдык коргоо тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 1996-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эмгекчи мигранттардын эмгек иш аракети жана аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө макулдашуу;
- 1994-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган, Пенсия менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы администрациялык макулдашуу.
Бул программа төмөнкүлөрдү караштырат:
- Россия Федерациясында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын пайдасына россиялык иш берүүчүлөр тарабынан чегерилген суммалардын камсыздандыруу бөлүгүн Россия Федерациясынын Пенсиялык фондунан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуу;
- Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарынын алар Россия Федерациясында иштеген мезгилдеги пенсиясынын топтоо бөлүгүн тең укукта түзүү;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдары системасын жана ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун профилдүү органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу жаатында бул өлкөлөрдүн укуктук өз ара мамилелерин мамлекеттик деңгээлде айкалыштыруу.
2. Учурдагы жагдайды жана проблемаларды талдоо
Кыргыз Республикасынан калктын олуттуу эмгектик миграциясы шарттарында эмгек мигранттарын социалдык камсыздандыруу жана аларды келечекте пенсия менен камсыз кылуу өзгөчө маанилүү проблемага айланууда.
Эмгек ресурстары балансын талдоого негизделген эксперттик-талдоо баалоолору боюнча ар кандай сезондордо Кыргыз Республикасынын 350дөн 700 миңге чейин жарандары өлкөнүн чегинен тышкары эмгектенишет жана ишкердик жүргүзүшөт. Көпчүлүк эмгек мигранттары башка өлкөлөрдө белгилүү бир мезгилде иштешип, камсыздандыруу төгүмдөрүн барган өлкөлөрүндө төлөшөт жана алардын төгүмдөрү ошол өлкөлөрдүн пенсиялык фонддорунда калат.
Эмгектик миграция чөйрөсүндөгү жагдайды талдоо Кыргызстандан чет өлкөлөргө тышкы миграциясынын өсүшү орто мөөнөттүү келечекте сакталаарын көрсөтүүдө.
Ошону менен бирге, кыргыз эмгек мигранттарынын кыйла чоң тобу (500 миңден ашык адам) Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөндөрдүн катарында. Алар мекени менен байланышын үзгөн жок жана келечекте Кыргыз Республикасына кайтууга ниеттенишет.
Ошентип, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнүн чегинен тышкары эмгектенген мезгилинде пенсиялык стаждары үзгүлтүккө учуроодо, бул алардын келечектеги пенсиясынын өлчөмүнө таасирин тийгизүүдө. Өз мамлекетинин чегинен тышкары иштеп, барган өлкөнүн ИДПсына өз салымын кошуу менен эмгек мигранттары чет өлкөдө иштеген мезгилинде пенсиялык басмырлоого дуушар болушууда - пенсиялык топтоолорунан жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калууда.
Кыргызстандагы пенсионерлердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда бир кыйла алгылыктуу жумуш издеп Россияга кетип жаткан эмгекке жарамдуу калктын агымы көбөйө бермекчи. Бул деген Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкы пенсиялык чегерүүлөрдү башка өлкөнүн бюджетине төлөшөт дегенди билдирет, ал эми өз жарандарына пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын бюджетине аябагандай оорчулук алып келет, бул кандайдыр бир деңгээлде өлкөдөгү социалдык абалдын күчөшүнө түрткү берүүдө.
1992-жылдын 13-мартындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашуу азыркы учурда эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылууда башкы юридикалык негиз болуп эсептелет. Бул Макулдашууга ылайык, пенсиялык камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды ошол камсыз кылууну жүргүзгөн мамлекет тартат, ал эми эки тараптуу макулдашууларда башкача каралбаса, өз ара эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт.
Чет өлкөдө убактылуу эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу проблемасы бүгүнкү күндө эмгек мигранттарынын бир кыйла бөлүгү чет өлкөдө өз алдынча же расмий эмес каналдар аркылуу жумушка орношуп жатышкандыгы менен татаалдоодо. Мындай кырдаал эмгектик миграциянын баш аламан жана көбүнчө контролго алынбаган мүнөзүн белгилейт. Эмгек миграциянын орчундуу проблемасы анын эң эле кичине бөлүгү жөнгө салынып, ал эми калганы көмүскө базарга багытталып, "жөнгө салынбагандыгында", Россия Федерациясы менен болгон визасыз режим потенциалдуу эмгек мигранттарына алдын ала ишти издебестен (же эмгек келишимин түзбөстөн) Россияга кетүүгө мүмкүндүк түзүүдө. Ушуга байланыштуу, эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу - өтө эле татаал маселе.
Мамлекеттик органдар тарабынан уюшулбаган жана контролго алынбаган жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу олуттуу терс кесепеттерге жана эмгек мигранттарынын укуктарын бузулушуна алып келүүдө.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын миграциялык саясаты биринчи кезекте, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган стандартташтырылган жол жоболорду сактоо менен чет өлкөдө уюшулган жумушка орноштуруу каналдарын кеңейтүү аркылуу көмүскө жумушка орношкон жарандардын санын кыскартууга багытталышы керек.
3. Программанын негизги максаттары жана милдеттери
Эмгек мигранттарын туруктуу жашаган мамлекетинин жана жумушка орноштурган мамлекеттин мыйзамдарында каралган толук кандуу социалдык, анын ичинде пенсиялык камсыз кылуу укуктары менен камсыз кылуу механизмин ишке ашыруу, алардын жумушка орношуу шарттарын жакшыртуу бул Программанын негизги максаты болуп эсептелет.
Ал үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын Россия Федерациясынын профилдүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган ырааттуу өз ара аракеттенүүсү талап кылынат. Мындай өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынан эмгек мигранттарынын жумушка орношкон өлкөнүн жарандары менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тең укуктарын ишке ашырууга мүмкүндүк түзөт.
Россия Федерациясынын Пенсиялык фондунан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна пенсиялык камсыздандыруу чегерүүлөрүн которуу үчүн укуктук жана институциялык шарттарды түзүүнүн, ошондой эле эмгек мигранттарынын пенсиясынын топтоо бөлүгүн түзүүсүнүн зарылчылыгы программанын маанилүү милдети болуп эсептелет. Бул чет өлкөгө өз алдынча кеткен жана жумушка орношкон шарттарда Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук пенсиялык камсыздандыруу тутумунан сырткары калышуусу менен шартталат.
Буга байланыштуу, мигранттарды кабыл алуунун жана жумушка орноштуруунун заманбап тутумун киргизүү дагы бир максатка ылайыктуу чара болуп саналат. Мындай ыкма эмгек мигранттары Россия Федерациясына убактылуу жумушка орношконго чейин чет өлкөдө эмгек мигранттарын жумушка орноштуруу менен байланышкан мөөнөттөрдү жана чыгымдарды олуттуу кыскартып, аларды социалдык-тейлөөнүн бардык түрү менен камсыздоого шарт түзөт. Эмгек мигранттары канчалык өздөрүнүн укуктарын жакшы билсе жана чет өлкөдөгү ишине даяр болсо барган өлкөсүндө ошончолук даражада коргоого ээ болот.
Уюштурулган топтоо тутуму Кыргыз Республикасынын жарандарын ачык түрдө жумушка орноштуруу процессин оптималдаштырууну, Россия Федерациясында алардын кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөйт. Уюштурулган топтоонун негизги концепциясына ылайык тийиштүү иш аброюна ээ иш берүүчүлөргө жана инвесторлорго, эмгек шарттары күн мурунтан белгилүү адистиктер жана квалификациялар боюнча жумуш орундарына жумушка орноштуруу белгиленүүдө.
Уюштурулган топтоонун жана жумушка орноштуруунун негизги милдеттери:
- жумушка орношкон мамлекеттин аймагында жүргөн мезгилде кыргыз эмгек мигранттарын укуктук жана социалдык коргоо менен алдын ала даярдоо этабынан баштап, туруктуу жашаган өлкөсүнө кайтып келгенге чейин миграциялык процесстин бардык баскычтарында аларды колдоонун инфраструктуралык-тейлөө системасын түзүү. Бул милдеттерге потенциялдуу эмгекчи-мигранттарды кесиптик даярдоо, орус тилин, миграциялык мыйзамдарды жана жумушка орношкон өлкөнүн маданий салттарын окутууну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына россиялык иш берүүчүлөрдүн табыштамалары боюнча уюштурулган топтоо тартибинде Россия Федерациясында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдоо;
- талап кылынган квалификациясы жана иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен талапкерлерди тандоо, россиялык иш берүүчүлөрдүн кесиптик-квалификациялык талаптарына ылайыктыгына, орус тилин, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарын билгендигин тестирлөө;
- орус тилин үйрөнүүнү, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын негиздерин, Россия Федерациясынын элдеринин маданий ченемдерин жана салттарын билүүнү камтыган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын россиялык иш берүүчүлөр менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга даярдоо;
- Россия Федерациясынын аймагында таанылган медициналык документтерди берүү менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мекемелери тарабынан эмгек мигранттарын медициналык күбөлөндүрүү (иш берүүчү талап кылганда).
Ошентип, мигрант жумушка орношкон өлкөгө кеткенге чейин эмгек келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын - эмгекчи мигранттарынын пенсиялык укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн мамлекеттер аралык кызматташуусунун эл аралык-укуктук базасын өркүндөтүү алардын жумушка орношуу шарттарын жакшыртууга, ошондой эле эмгек мигранттарына жумушка орношкон өлкөдө социалдык пакетке ээ болуусуна жана туруктуу жашаган өлкөсүндө пенсиялык камсыз болуусуна мүмкүндүк берет.
4. Программаны ишке ашыруу механизми
Бул Программаны ишке ашыруу максатында эмгек мигранттарын толук кандуу социалдык, анын ичинде пенсиялык камсыз кылуу укуктары менен камсыз кылуу, ошондой эле аларды жумушка орноштуруу шарттарын жакшыртуу менен байланышкан бир катар милдеттердин чечилиши каралган Иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
5. Программанын индикаторлору
Программанын негизги индикаторлору төмөнкүлөр:
1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын миграциялык кызматтары тарабынан Кыргызстандан Россиянын аймагында иштөө үчүн кетип жаткан эмгек мигранттарын каттоонун сандык көрсөткүчтөрү.
2. Россиянын аймагында социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуунун бардык милдеттүү түрлөрү менен камсыз болгон, Кыргызстандан мыйзамдуу жумушка орношкон эмгек мигранттарынын үлүшү, анын ичинде:
- социалдык чөйрөдө - төрөгөндүгүнө байланыштуу, өндүрүштө кырсыкка учураганда жана кесиптик ооруга чалдыкканда жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруу учурларынын башка түрлөрүнө байланыштуу убактылуу эмгекке жарамсыз учурларда милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен;
- пенсиялык системада - Россия Федерациясынын жарандары менен бирдей пенсиялык укуктар менен.
3. Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө иштегени кетип жаткан кезде жеке камсыздандыруу эсебине жыл сайын пенсиялык топтолуучу төгүмдөрдү которгон эмгекчи-мигранттардын үлүшүнүн өсүшүнүн көрсөткүчтөрү.
4. Россия Федерациясынын аймагында эмгекчи-мигранттар тарабынан түзүлгөн эмгек пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн которуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин өсүшүнүн көрсөткүчтөрү.
5. Россия Федерациясында иштеген, Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын кирешелеринин жана пенсиялык топтоолорунун өсүшүнүн эсебинен Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк кирешелердин кыймылынын индикаторлору.
6. Россия Федерациясында иштеген, Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын пенсиялык топтолгон каражаттарынын өсүшүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын экономикасына узак мөөнөттүү инвестициялардын кыймылы.
6. Каржылоо булактары
Тийиштүү жылга функциялык милдеттерин ишке ашыруу үчүн кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун бюджеттеринде каралган каражаттар, ошондой эле тартылган бюджеттик эмес каражаттар программанын каржылоо булактары болуп эсептелет.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Программалык иш-чаралардын ишке ашырылышы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берет:
1. Россия Федерациясына кетип жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын - эмгек мигранттарынын өркүндөтүлгөн укуктук базасын түзүү.
2. Эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамилелерди айкалыштыруу.
3. Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын уюшулган тобун жана жумушка орноштурууну камсыз кылуу.
4. Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлүк кирешесин акырындык менен көбөйтүүгө мүмкүндүк берген, эмгек мигранттарынын пенсиялык топтоолорунун которулушунун көлөмүн көбөйтө турган мыйзамдуу алынган кирешенин өсүшү.
5. Кыргызстандын экономикасына узак мөөнөттүү инвестициялардын кошумча, такай көбөйүп турган булактарын түзүү.
6. Россия Федерациясынын аймагында убактылуу иштеген, Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын пенсиясынын топтоо бөлүктөрүн түзүү.
7. Эмгек мигранттарын пенсиялардын тийиштүү өлчөмдөрү менен камсыз кылуу.
8. Медициналык камсыздандыруу менен камсыз кылуу.
8. Программаны ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун эң маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле бул процесске тартылган мамлекеттик органдардын ортосунда түзүлгөн өз ара аракеттенүүсүнүн жана айкалышуусунун натыйжалуу механизмдери болуп саналат.
Оң аспекттерге Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик фонддору тарабынан техникалык колдоо көрсөтүүнүн бардыгы жана мындан аркы мүмкүнчүлүгү, анын жардамы менен жумушка орношкон өлкөдө убактылуу жүргөн, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пенсия менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу кирет.
Оң артыкчылыктар менен бирге эле программаны ишке ашырууга жолтоо болуучу факторлор да бар. Аларга: саясий туруксуздук, финансылык каражаттардын жетишсиздиги жана программаны ишке ашырууну аткарууга таасир эткен башка тобокелчилик факторлору кирет.
Ошондой эле Программаны ишке ашырууда тобокелчиликтер орун алышы мүмкүн, андай учурларда россиялык тарап бул Программа боюнча кыргыз тараптын сунуштарын Россия Федерациясынын министрликтери жана ведомстволору менен карап чыгып макулдашат.
9. Программанын мониторинг системасы жана ишке ашырууну баалоо
Программаны ишке ашыруу боюнча Иш чаралар планынын такай мониторинги жана баалоо жүргүзүү аны аткаруу баскычындагы негизги компоненттер болуп калат. Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Россия Федерациясында убактылуу иштеген, Кыргыз Республикасынын жарандарын - эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ мезгил-мезгили менен иш чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалайт, сунушталган чаралардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктап, Программанын акыркы максаттарын камсыз кылуу боюнча тийиштүү оңдоолорду киргизип турат.
Алынган натыйжалардын негизинде, Программаны ишке ашырууда белгиленген, тараптардын күч-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында зарыл болгон учурларда жоопкерчиликти, ресурстарды оптималдуу пайдалануу үчүн аларды кайра бөлүштүрүү боюнча чечимдер кабыл алынат, ошондой эле кызыкдар түзүмдөр менен координациялоону жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.
|
|