Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 237
Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тараптын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти