Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-марты № 141
Кыргыз Республикасынын соода кызматкеринин күнү жөнүндө
Соода секторунун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү орчундуу салымын, ошондой эле соода кызматкерлеринин элдин керектөөлөрүн канааттандыруудагы маанилүү ролун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 8-сентябрь Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлеринин күнү жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрамы болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|