Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-марты № 143
"Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4), Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган Мыйзам долборун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти