Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 145
Дикамбаев Казы Дикамбаевичтин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Дикамбаев Казы Дикамбаевичтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө сиңирген зор эмгегин, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат тутумунун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына Дикамбаев Казы Дикамбаевичтин аты ыйгарылсын жана мындан ары - "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дикамбаев Казы Дикамбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|