Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 27-ноябры ПЖ № 417
2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 94 Жарлыгынынредакциясына ылайык)
2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын натыйжалуу өткөрүү жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселесин чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө системалуу колдоо көрсөтүү агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- кийин брондон чыгаруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө, мында ири айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө - айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларына, агротехникалык сервистик борборлорго салынган баасы боюнча артыкчылык менен сатып өткөрүү үчүн 15 миң куб. метр дизель отунун мамлекеттик материалдык резервге коюуга каралган каражатты өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын;
- эки айлык мөөнөттө төмөнкү өлчөмдө финансылык каражаттарды издеп тапсын:
айылдык товар өндүрүүчүлөргө кийин лизингге берүү үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн айыл чарба техникасын жана жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен 75 миллион сом;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу максатында 2 жылдык мөөнөткө "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна жылдык ставкасы 3 пайыздык бюджеттик ссуданы берүү үчүн 150 миллион сом;
- эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизсин:
республиканын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мөөнөтү өткөн кредиттик, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттер жана гранттар боюнча карыздарын 5 жылдык мөөнөткө реструкташтыруу жөнүндө;
айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларына айыл чарба айдоолорун кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин биринчи кезекте ижарага берүү жөнүндө;
- ченемдик укуктук актыларды ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 94 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |