Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-майы № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибинде:
1.3-пунктунун экинчи абзацы:
"ТЭИ ТН боюнча төмөнкү товардык позициялардагы товарлар кирбейт:" деген сөздөрдөн кийин "6107 11 000 0; 6107 12 000 0; 6107 21 000 0; 6107 22 000 0; 6107 91 000 0; 6109 10 000 0;" деген цифралар менен толукталсын;
"6208 99 000 0;" деген цифралардан кийин "6109 90 100 0; 6109 90 300 0; 6109 90 900 0;" деген цифралар менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |