Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 292
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "атайын эсебиндеги каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фонду", "Фонд" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "атайын эсебиндеги каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттагы "түзүлөт" деген сөз "куралат" деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
6-пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы ", салыктык жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|