Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-майы № 294
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Уюмдардын продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жободо:
4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Сынактын лауреаттарына жана дипломанттарына сыйлык катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору жана белгиленген үлгүдөгү сыйлыктар (байгелер) тапшырылат.";
14-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кеңештин Техникалык катчылыгынын сунушу боюнча лауреаттар жана дипломанттар тарабынан продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүндө милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кеңеш тарабынан "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугу кайра чакыртылып алынат (шайкештикти милдеттүү ырастоо жаатындагы техникалык регламенттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому).
Кеңештин Техникалык катчылыгы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана коопсуздугуна милдеттүү талаптар бузулгандыгы жөнүндө түшкөн даттанууларды контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңеш жөнүндөгү жободо:
3-пункту төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"лауреаттар жана дипломанттар тарабынан продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүндө милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугун кайра чакыртып алуу;";
7-пунктундагы "секретариаты" деген сөз "Техникалык катчылыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|