Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары Улуттук кеңеш) статусун, түзүү жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Улуттук кеңеш "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координациялык органы болуп саналат.
3. Улуттук кеңештин негизги милдети болуп мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруу жана иштөө саясатын аныктоо жана аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү саналат.
4. Өз ишинде Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Улуттук кеңеш тийиштүү органдар менен уюмдардын сунушу боюнча 3 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген 9 мүчөдөн турат.
6. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, илимпоз-юрист, 3 адвокат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана адвокаттардын коомдук бирикмесинен бирден өкүл кирет.
7. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары ушул Жобого ылайык өз курамынан Улуттук кеңеш тарабынан шайланат.
8. Улуттук кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт. Улуттук кеңеш иштеп жаткан мезгилде Улуттук кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат, аларга негизги иштеген жери боюнча эмгек акысы сакталат.
9. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, сот бийлик бутагынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен киргизилген талапкерлер, ошондой эле илимпоз-юрист тийиштүү түрдө аталган органдар жана уюмдар тарабынан көрсөтүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
10. Үч адвокаттын талапкерлиги адвокаттардын коомдук бирикмеси тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аркылуу Улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
11. Коомдук бирикменин өкүлү ошол бирикменин жалпы чогулушунда аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аркылуу Улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
12. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары үч жылдык мөөнөткө Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен биринчи жыйналышта жашыруун добуш берүү менен шайланат.
13. Улуттук кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
1) өз каалоосу боюнча, берген арызына ылайык;
2) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары кеткендигине байланыштуу;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугуна байланыштуу;
4) соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу;
5) анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмдүү эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргендигине байланыштуу;
6) өлгөндүгүнө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргендигине байланыштуу;
7) аны дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргендигине байланыштуу;
8) адвокаттын лицензиясынан ажырагандыгына байланыштуу;
9) Адвокаттардын коомдук бирикмесинен мүчөлүктөн чыккандыгына байланыштуу;
10) жүйөөлүү себепсиз Улуттук кеңештин жыйналышына катары менен үч жолу келбегендигине байланыштуу.
14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана башка мамлекеттик кызматчылар болуп саналган Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы катары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган учурда же Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн, мамлекеттик кызматчынын кызмат ордунан бошотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
15. Улуттук кеңеш мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруу жана иштөө саясатын аныктайт жана аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берет.
16. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча Улуттук кеңеш өз сын пикирлерин жана сунуштарын киргизүүгө укуктуу.
17. Улуттук кеңеш:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштеп чыккан мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын ар жылдык бюджетинин долбоорун карайт, ага сын пикирлерди жана сунуштарды киргизет;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштеши жана өркүндөтүлүшү боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизет;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдардан маалымат суратат;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү жана берүү боюнча арыздарды жана даттанууларды карайт;
5) юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик реестрге адвокаттарды тандоону жүзөгө ашырат.
18. Улуттук кеңеш өз жыйналыштарында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштешин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды карайт, ошондой эле каралган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
19. Улуттук кеңеш жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Улуттук кеңештин ишмердиги жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштеши жөнүндө отчет берет.
6. Улуттук кеңештин жыйналыштары
20. Улуттук кеңеш 3 айда кеминде бир жолу жыйналыш өткөрөт.
Улуттук кеңештин төрагасынын же Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн 3/1 талабы боюнча кезексиз жыйналыш чакырылат.
Улуттук кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн 3/2 катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат.
21. Улуттук кеңештин чечимдери жыйналышка катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат. Добуштардын саны тең болуп калганда төрага жактап добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
22. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармасынын жетекчиси Улуттук кеңештин жыйналышына кеңеш берүү добуш укугу менен катышат.
23. Улуттук кеңештин төрагасы:
1) Улуттук кеңештин ишин уюштурат, жыйналышты чакыртат, Улуттук кеңештин жыйналышында кароо үчүн маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
2) Улуттук кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат жана анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңешке сунуш кылынган документтерди кароону уюштурат;
4) Улуттук кеңештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруу жана анын иштеши менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
24. Улуттук кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт. Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары жок болгон учурда төраганын милдеттерин аткаруу Улуттук кеңештин чечими менен анын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.