Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 12-апрели ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштерибоюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу жыйналышында кабыл алынган чечимге ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Раев Султан Акимович Улуттук комиссиянын төрагасы болуп аныкталсын;
- комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Воробьев Борис Дмитриевич, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору;
Сосницкая Лариса Анатольевна, Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;
Асангариев Мирбек, мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштар Кыймылынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Челпакова Сабира Муслимовна, Республикалык "Сейтек" балдар-өспүрүмдөр борборунун директору;
Слащева Тамара Михайловна, "Слово Кыргызстана" Басма үйүнүн директору;
Койчуманова Күлийпа Жумашевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык жана экологиялык статистика бөлүмүнүн башчысы;
- Каптагаев Э.С., Медеров Т.Т. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |