Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 237 Жарлыгы менен бекитилген |
Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш (мындан ары Кеңеш) Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун (мындан ары - ТТБ) ишинен түшкөн финансылык агымдардын ачыктыгына көмөк көрсөтүүчү коомдук байкоочу орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
2. Кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
3. Кеңештин негизги милдеттери:
1) ТТБдан кыргыз тарапка финансылык каражаттардын түшүшүнүн ачыктыгына жана натыйжалуу пайдаланылышына коомдук контролдукту жүргүзүү;
2) ТТБнын ишинен финансылык каражаттардын түшүшүнүн ачыктыгына жана натыйжалуу пайдаланылышына контролдук боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
3) ТТБнын ишинен финансылык каражаттардын түшүшү жана натыйжалуу пайдаланыш боюнча маалыматтарды кеңири коомчулукка жеткирүү.
4. Кеңештин функциялары:
1) ТТБнын ишинен финансылык каражаттардын түшүшү жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жөнүндө маалыматтарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
2) ТТБнын подрядчылары жана субподрядчылары катары чыккан Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан салыктардын толук жана өз убагында төлөнүшүнө талдоо жүргүзүү;
3) ТТБнын ишине укуктук, жана башка түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү;
4) ТТБнын ишинин ачыктыгы жагында актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн ачык иш-чараларды уюштуруу;
5) өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторду жана башка зарыл материалдарды даярдоо жана жарыялоо;
6) ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарды уюштурууга;
2) өз ишине аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ата-мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
3) семинарларды, конференцияларды, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) өз ишин жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюмдар менен ишканалардан зарыл маалыматтарды суратууга жана алууга;
5) Кеңештин жыйналышынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюмдар менен ишканалардын жетекчилигин жана кызматкерлерин чакыртууга;
6) Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш кылууга;
7) тийиштүү мамлекеттик органдар Кеңештин сунуштарынан негизсиз четтеп кеткен учурда коомчулукту жана жогору турган инстанцияларды маалымдар кылууга;
8) ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.
3. Кеңештин түзүмү
6. Кеңеш 13 адам курамында түзүлөт жана Кеңештин төрагасынан, Кеңештин төрагасынын эки орун басарынан, Кеңештин жооптуу катчысынан жана Кеңештин мүчөлөрүнөн турат.
7. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2011-жылдын 11-мартындагы N 67 буйругу менен түзүлгөн транспорт жана коммуникациялар; финансы; тышкы иштер, экономикалык жөнгө салуу; өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Коомдук байкоочу кеңештеринин курамына кирген жарандык коомдун сунуш кылынган өкүлдөрүнүн ичинен, ошондой эле Президенттин Аппаратынын эки өкүлүнөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын үч өкүлүнөн жана Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын бир өкүлүнөн коомдук байкоочу кеңештин курамына талапкерлерди тандоо боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан түзүлөт.
Кеңештин биротоло курамы Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилет.
Караңыз:
КР 2011-жылдын 11-октябрындагы ПБ № 149 (Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
8. Кеңештин мүчөсү төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- ТТБнын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамиледе болбоого;
- ТТБ (товар, кызмат көрсөтүү ж.б. берүүчүлөр) менен таламдардын кагылышуусу жок болууга;
- кынтыксыз ишкердик кадыр-баркка ээ болууга.
9. Кеңештин уюштуруу жыйналышында ачык добуш берүү менен Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана жооптуу катчысы шайланат, Кеңештин жетекчилигин ротациялоо механизмдери бекитилет, биринчи жыйналышты Кеңештин курагы боюнча улуу мүчөсү ачат.
10. Кеңештин ишине жетекчиликти төрага, ал жок болгон учурда анын орун басарларынын бири жүргүзөт.
Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишин уюштурат;
2) Кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;
3) Кеңештин иш планын жана жумушчу топтордун курамын бекитет;
4) Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
5) Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзөт;
6) мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарда Кеңештин атынан чыгат.
11. Төраганын орун басарлары:
1) төрага жок болгон учурда Кеңештин төрагасынын тийиштүү чечиминин негизинде анын милдеттерин аткарат;
2) бекитилген иш планына ылайык комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин тескейт;
3) Кеңештин же төраганын тапшырмалары боюнча башка функцияларды да аткарат.
12. Кеңештин жооптуу катчысы:
1) Кеңештин мүчөлөрү менен тийиштүү мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) Кеңештин кезектеги жыйналышын даярдоого, ошондой эле Кеңештин чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүнө контролдук кылат;
3) Кеңештин ишин уюштуруу, маалыматтык жана коммуникациялык жактан колдоону камсыз кылат;
4) Кеңештин иш кагаздарын уюштуруу жана жүргүзүү жооп берет;
5) Кеңештин, төраганын жана анын орун басарларынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды да аткарат.
13. Кеңештин мүчөсү Кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө тийиштүү арыз берүү аркылуу өз каалоосу боюнча Кеңештин курамынан чыга алат.
14. Кеңештин мүчөсү төмөнкү негиздер боюнча Кеңештин чечими менен Кеңештин курамына мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн:
1) Кеңештин жыйналышына жүйөлүү себепсиз үч жана андан ашык жолу катышпаса (же электрондук почта боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кеңеш чечим кабыл алса, электрондук почта аркылуу добуш берүүгө катышпаса);
2) Кеңештин мүчөсү ден соолугунун абалы боюнча Кеңештин ишине катыша албаса, Кеңештин мүчөсү сот тартибинде аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
3) ушул Жобонун 3-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган, ал боюнча адам Кеңештин мүчөсү боло албай турган фактылар табылган учурда.
15. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда анын ордун ээлөө ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
16. Кеңештин ишинин негизги формасы жыйналыш болуп эсептелет. Эгер Кеңештин жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ал ыйгарым укуктуу болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү Кеңештин иш-чараларынын бекитилген планына ылайык Кеңеш тарабынан белгиленет.
Кеңештин мүчөсү Кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунушту Кеңештин карап чыгуусуна киргизүүгө укуктуу.
17. Кеңеш өз ишин Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана бекитилген иш-чаралардын жылдык планына ылайык жүзөгө ашырат.
18. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарында алмаштыруу укугу жок, жеке өзү катышат. Кеңештин жыйналышына келүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, Кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз оюн жазуу түрүндө берүүгө укуктуу. Анын оюу Кеңештин жыйналыштарында каралууга тийиш жана добуш берүүдө эске алынат.
19. Зарыл болгон учурларда Кеңештин мүчөлөрүнүн чечими боюнча Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, кесиптик бирлик жана башка уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тиешелүү маселелер боюнча кабардар болгон өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
20. Кеңештин жыйналыштары ачык түрдө өткөрүлөт, ага жарандар, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат. Ошондой эле Кеңештин жыйналышына эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
21. Кеңештин жыйналыштарында Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат. Добуштар тең чыккан учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Чечимдерди карап чыгуунун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө ойлор милдеттүү тартипте протоколго киргизилет.
22. Кеңеш өз ишин коомчулук менен тыгыз байланышта ишке ашырат, жарандардын сунуштарын кабыл алат жана аларды карап чыгат.
23. Кеңештин чечими сунуш кылуу мүнөзүндө болот, мамлекеттик органдар кеңештин чечими менен макул болбогон учурда он жумушчу күнү ичинде негизделген жообун жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.
24. Кеңештин ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дайыма чагылдырылат жана коомчулукка жеткирилип турат.
25. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана материалдык-техникалык коштоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик органдардын Кеңеш менен
өз ара аракеттенишүүсү
26. Мамлекеттик органдын Кеңеш тарабынан чакырылган өкүлдөрү кеңеш берүү добушу укугу менен Кеңештин жыйналыштарына милдеттүү түрдө катышышат.
27. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кеңештин суроо-талабы боюнча мыйзам тарабынан коргоого алынган мамлекеттик же башка сырды түзбөгөн зарыл маалыматтарды беришет.
28. Кеңештин суроо-талабы жөнөтүлгөн кызмат адамы суроо-талап алынган күндөн тартып он календарлык күндөн кечиктирбестен, ал эми Кеңеш тарабынан аныкталуучу өзгөчө учурларда, жети календарлык күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндөгү жооп берүүгө милдеттүү. Жоопко суроо-талап жөнөтүлгөн адамдын, же болбосо анын милдетин аткаруучу адамдын кол тамгасы коюлат.
6. Корутунду жоболор
29. Кеңеш өз ишмердигин транзиттик ташуулар Борбору ишин токтоткон күндөн тартып же Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун негизинде токтотот.