Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-октябры № 750
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2005-жыл, № 7, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-статьясынын 4-пунктунда "аталган жубайларды баланын ата-энеси деп каттоого баланы тууган (карын эненин) аялдын макулдугун алган" деген сөздөр "баланы боюнча көтөрүү максатында урукту көчүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 41-статьяда "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын-ала каралган учурларда," деген сөздөр жана "(мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр алып салынсын.
3. 42-44 статьяларда, 46-статьянын 2-пунктунда, 47-статьяда "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 43-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 130-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-жыл, № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбулада ", ошондой эле ата-энелеринин камкорчулугунан ажыраган балдарды үйбүлөгө жайгаштыруунун түрлөрү менен тартибин аныктайт" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Киргизилип жаткан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору мыйзамдарды "Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-майындагы №54 Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 кодексинин 104-беренесине ылайык келтирүү жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бала асырап алууну мамлекеттик каттоого тиешелүү V главага өзгөртүү киргизилет, анда "жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы, ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "сот" деген сөздөр менен алмаштырылат. Ошондой эле карын энеге тиешелүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 54-статьясынын 4-пунктуна ылайык келтирилет.
Ата-эненин багуусу жок калган балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруу формалары жана тартиби Балдар жөнүндө кодекстин жаны редакциясы менен жөнгө салынат, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин преамбуласы да ылайык келтирилет.
Киргизилип жаткан долбоорду кабыл алуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кошумча чыгымдарга алып келбейт.
Бул долбоор коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча бул долбоорго сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.
Министр | К.Султанов |
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ 1. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │
│ Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16-статья. Баланын туулгандыгы │Статья 16. Заявление о рождении │
│ тууралу арыз │ ребенка │
│ │ │
│4. Башка аялга баланы боюнда │4. Башка аялга баланы боюнда │
│көтөрүү максаттарында урукту │көтөрүү максаттарында урукту │
│көчүрүүгө макулдук берген │көчүрүүгө макулдук берген │
│жубайлардын арызы боюнча баланын │жубайлардын арызы боюнча баланын │
│туулгандыгын мамлекеттик каттоодо │туулгандыгын мамлекеттик каттоодо │
│баланын туулгандыгынын фактысынын │баланын туулгандыгынын фактысынын │
│тууралыгын тастыктаган документ │тууралыгын тастыктаган документ │
│менен бирге медициналык уюм │менен бирге медициналык уюм │
│тарабынан берилген жана аталган │тарабынан берилген жана УРУКТУ │
│жубайларды баланын ата-энеси деп │КӨТӨРҮҮ МАКСАТЫНДА АНЫ КӨЧҮРҮҮ │
│каттоого баланы тууган (карын │фактысын тастыктаган документ │
│эненин) аялдын макулдугун алган │сунуш кылынууга тийиш. │
│фактыны тастыктаган документ сунуш│ │
│кылынууга тийиш. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│41-статья. Баланы (кызды) асырап │41-статья. Баланы (кызды) асырап │
│ алууну мамлекеттик │ алууну мамлекеттик │
│ каттоо үчүн негиз │ каттоо үчүн негиз │
│ │ │
│Баланы же кызды асырап ачууну │Баланы же кызды асырап алууну │
│(мындан ары - асырап алуу) │(мындан ары - асырап алуу) │
│мамлекеттик каттоо үчүн баланы │мамлекеттик каттоо үчүн БАЛАНЫ │
│асырап алуу жөнүндө жергиликтүү │АСЫРАП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ СОТТУН │
│мамлекеттик администрациянын, │МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЧЕЧИМИ │
│шаардын мэриясынын же Кыргыз │НЕГИЗ БОЛУП САНАЛАТ. │
│Республикасынын мыйзамдарында │ │
│алдын-ала каралган учурларда, │ │
│соттун баланы асырап алуу жөнүндө │ │
│мыйзамдуу күчүнө кирген чечими │ │
│(мындан ары - ыйгарым укуктуу │ │
│орган) негиз болуп саналат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│42-статья. Асырап алууну │42-статья. Асырап алууну │
│ мамлекеттик каттоочу │ мамлекеттик каттоочу │
│ жер │ жер │
│ │ │
│Асырап алууну мамлекеттик каттоо │Асырап алууну мамлекеттик каттоо │
│асырап алуу жөнүндө ыйгарым │асырап алуу жөнүндө СОТТУН чечими │
│укуктуу органдын чечими чыгарылган│чыгарылган жердеги же асырап │
│жердеги же асырап алуучулар │алуучулар (асырап алуучу) жашаган │
│(асырап алуучу) жашаган жер боюнча│жер боюнча жарандык абалдын │
│жарандык абалдын актыларын жазуу │актыларын жазуу органы тарабынан │
│органы тарабынан жүргүзүлөт. │жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│43-статья. Асырап алууну │43-статья. Асырап алууну │
│ мамлекеттик каттоо │ мамлекеттик каттоо │
│ жөнүндө арыз │ жөнүндө арыз │
│ │ │
│1. Асырап алууну мамлекеттик │1. Асырап алууну мамлекеттик │
│каттоо асырап алуучулардын (асырап│каттоо асырап алуучулардын (асырап│
│алуучунун) арызы боюнча │алуучунун) арызы боюнча │
│жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө │жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө │
│берилет. Арыз менен бирге эле │берилет. Арыз менен бирге эле │
│асырап алуу жөнүндө ыйгарым │асырап алуу жөнүндө СОТТУН чечими │
│укуктуу органдын чечими берилүүгө │берилүүгө жана асырап алуучулардын│
│жана асырап алуучулардын (асырап │(асырап алуучунун) инсандыгы │
│алуучунун) инсандыгын ырастаган │ырастаган документтер көрсөтүлүүгө│
│документтер көрсөтүлүүгө тийиш. │тийиш. │
│Асырап алуучулар (асырап алуучу) │Асырап алуучулар (асырап алуучу) │
│асырап алууну мамлекеттик каттоо │асырап алууну мамлекеттик каттоо │
│жөнүндө арыз берүүгө башка │жөнүндө арыз берүүгө башка │
│адамдарга жазуу жүзүндө ыйгарым │адамдарга жазуу жүзүндө ыйгарым │
│укук берүүгө укуктуу. │укук берүүгө укуктуу. │
│2. Эгерде асырап алуучулар (асырап│2. Эгерде асырап алуучулар (асырап│
│алуучу) же алар ыйгарым укук │алуучу) же алар ыйгарым укук │
│берген адамдар бала асырап алынган│берген адамдар бала асырап алынган│
│күндөн тартып бир айдын ичинде │күндөн тартын бир айдын ичинде │
│мындай арыз бербесе, асырап алуу │мындай арыз бербесе, асырап алуу │
│Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР │
│кодексинин 130-статьясында │ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИНИН 145-СТАТЬЯСЫНДА│
│белгиленген тартипте, асырап │белгиленген тартипте, жарандык │
│алууну белгилөө жөнүндө жарандык │абалдын актыларын жазуу органына │
│абалдын актыларын жазуу органына │келип түшкөн асырап алууну │
│келип түшкөн чечиминин негизинде │белгилөө жөнүндө СОТТУН чечиминин │
│катталат. │негизинде катталат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│44-статья. Асырап алуу акт │44-статья. Асырап алуу акт │
│ жазуусунун мазмуну │ жазуусунун мазмуну │
│ │ │
│1. Асырап алуу жөнүндө акт │1. Асырап алуу жөнүндө акт │
│жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар │жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар │
│киргизилет: │киргизилет: │
│- асырап алууну белгилөө жөнүндө │- асырап алууну белгилөө жөнүндө │
│ыйгарым укуктуу органдын чечиминин│СОТТУН чечиминин реквизиттери; │
│реквизиттери; │- асырап алуу жөнүндө берилген │
│- асырап алуу жөнүндө берилген │күбөлүктүн сериясы жана номуру. │
│күбөлүктүн сериясы жана номуру. │2. Эгерде асырап алууну белгилөө │
│2. Эгерде асырап белгилөө жөнүндө │СОТТУН чечими боюнча асырап │
│ыйгарым укуктуу органдын чечими │алуучулар (асырап алуучу) анын │
│боюнча асырап алуучулар (асырап │ата-энеси (атасы же энеси) деп │
│алуучу) анын ата-энеси (атасы же │жазылса, мындай маалыматтар асырап│
│энеси) деп жазылса, мындан │алуу тууралу акт жазуусуна │
│маалыматтар асырап алуу тууралу │киргизилет. │
│акт жазуусуна киргизилет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│46-статья. Асырап алууга │46-статья. Асырап алууга │
│ байланыштуу туулгандыгы│ байланыштуу туулгандыгы│
│ жөнүндөгү акт жазуусун │ жөнүндөгү акт жазуусун │
│ өзгөртүү │ өзгөртүү │
│ │ │
│2. Асырап алуу жөнүндө ыйгарым │2. Асырап алуу жөнүндө СОТТУН │
│укуктуу органдын чечиминин │чечиминин негизинде баланын │
│негизинде баланын туулган жери │туулган жери өзгөртүлгөн учурда │
│өзгөртүлгөн учурда асырап │асырап алуучулардын (асырап │
│алуучулардын (асырап алуучунун) │алуучунун) каалоосу боюнча соттун │
│каалоосу боюнча соттун чечиминде │чечиминде көрсөтүлгөн бала туулган│
│көрсөтүлгөн бала туулган жердеги │жердеги жарандык абалдын актыларын│
│жарандык абалдын актыларын жазуу │жазуу органы тарабынан баланын │
│органы тарабынан баланын │туулгандыгы тууралу жаңы жазылган │
│туулгандыгы тууралу жаңы жазылган │акт түзүлүшү мүмкүн. Баланын │
│акт түзүлүшү мүмкүн. Баланын │туулгандыгы жөнүндө жаны жазылган │
│туулгандыгы жөнүндө жаңы жазылган │актынын түзүлүшү тууралу │
│актынын түзүлүшү тууралу │маалыматтар анын туулгандыгы │
│маалыматтар анын туулгандыгы │жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга │
│жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга │киргизилет. │
│киргизилет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│47-статья. Асырап алынган баланын │47-статья. Асырап алынган баланын │
│ туулгандыгы жөнүндө акт│ туулгандыгы жөнүндө акт│
│ жазуусунда ата-эне │ жазуусунда ата-эне │
│ (ата-эненин бирөө) │ (ата-эненин бирөө) │
│ тууралу маалыматтарды │ тууралу маалыматтарды │
│ сактап калуу │ сактап калуу │
│ │ │
│Эгерде баланын асырап алынышын │Эгерде баланын асырап алынышын │
│белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу │белгилөө жөнүндө соттун чечиминде │
│органдын чечиминде асырап алынган │асырап алынган баланын ата-энеси │
│баланын ата-энеси тарабынан │тарабынан мүлктүк эмес жана │
│мүлктүк эмес жана мүлктүк жекече │мүлктүк жекече мамилелерин сактоо │
│мамилелерин сактоо тууралу │тууралу көрсөтүлсө, баланын │
│көрсөтүлсө, баланын туулгандыгы │туулгандыгы жөнүндөгү акт │
│жөнүндөгү акт жазуусунда │жазуусунда көрсөтүлгөн атасы же │
│көрсөтүлгөн атасы же энеси жөнүндө│энеси жөнүндө маалыматтар │
│маалыматтар өзгөртүүгө жатпайт. │өзгөртүүгө жатпайт. │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ 2. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө үй-бүлө кодексине │
│ өзгөртүү киргизүү │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын│УШУЛ КОДЕКС КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН│
│Конституциясына ылайык никеге │КОНСТИТУЦИЯСЫНА ЫЛАЙЫК НИКЕГЕ │
│туруунун, никени токтотуунун жана │ТУРУУНУН, НИКЕНИ ТОКТОТУУНУН ЖАНА │
│аны жараксыз деп табуунун шарттары│АНЫ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБУУНУН ШАРТТАРЫ│
│менен тартибин белгилейт, үйбүлө │МЕНЕН ТАРТИБИН БЕЛГИЛЕЙТ, ҮЙБҮЛӨ │
│мүчөлөрүнүн: жубайлардын, │МҮЧӨЛӨРҮНҮН: ЖУБАЙЛАРДЫН, │
│ата-энелер менен балдардын (асырап│АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН (АСЫРАП│
│алуучулардын жана асырап │АЛУУЧУЛАРДЫН ЖАНА АСЫРАП │
│алынгандардын) ортосунда, ал эми │АЛЫНГАНДАРДЫН) ОРТОСУНДА, АЛ ЭМИ │
│үйбүлө мыйзамдарында каралган │ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАН │
│учурларда жана чектеринде башка │УЧУРЛАРДА ЖАНА ЧЕКТЕРИНДЕ БАШКА │
│туугандар менен бөлөк адамдардын │ТУУГАНДАР МЕНЕН БӨЛӨК АДАМДАРДЫН │
│ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана│ОРТОСУНДАГЫ ЖЕКЕ МҮЛКТҮК ЭМЕС ЖАНА│
│мүлктүк мамилелерди жөнгө салат, │МҮЛКТҮК МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛАТ. │
│ошондой эле ата-энелеринин │ │
│камкорчулугунан ажыраган балдарды │ │
│үйбүлөгө жайгаштыруунун түрлөрү │ │
│менен тартибин аныктайт. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘