Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-июну № 311
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине аны кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу 2013-жылы министрликке каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чектеринде жүргүзүлсүн.
4. "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
11-пункттагы "88", "74" жана "358" цифралары тиешелүү түрдө "103", "45" жана "372" цифраларына алмаштырылсын.
5. "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Тышкы миграция департаменти" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;
"Манас" жаштар борбору" позициясындагы "жаштар борбору" деген сөздөр "республикалык жаштар ордосу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 139 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун 3 жана 4-пункттары.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 11-декабры № 854
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту