Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы №484 токтому менен бекитилген |
Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы №39 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Акы төлөнүүчү коомдук иштер жумушсуз жана иш издеген жарандар үчүн туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштарды, ошондой эле турак-жайларды калыбына келтирүү, Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жөнүндө жободо көрсөтүлгөн көмөкчү жана башка квалификациялуу эмес иштерди аткаруу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте уюштурулат.
2. Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуз жана иш издеген жарандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруучулар эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдар, анын ичинде Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жөнүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар болушу мүмкүн.
3. Акы төлөнүүчү коомдук иштерди каржылоо бул иштерди уюштурган иш берүүчүлөрдүн каражатынын, же болбосо макулдашуу боюнча эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоорлору эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тең каржыланган учурда:
- жогоруда аталган уюмдардын каражатынан эмгек акысына кошумча акы төлөө каралат, ошол эле учурда эмгек акынын негизги суммасы акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруучулар тарабынан төлөнөт;
- иш берүүчүлөр, ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укук берилген аймактык органдар жана эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы үч тараптуу келишим ушул токтомдун тиркемесинде келтирилген форма боюнча түзүлөт.
4. Ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдар туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан, акы төлөнүүчү коомдук иштерге жиберилген жумушсуздардын жана иш издеген жарандардын статистикалык эсебин алууну жүзөгө ашырышат.
5. Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуздар жана иш издеген жарандар коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн акчалай жана натуралай түрдө киреше катары алган каражаттар салык салынбаган киреше салыгы болуп саналат.
Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуз жана иш издеген жарандар коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн эмгек акы төлөөнүн суммасына камсыздандыруу төлөмдөрү чегерилбейт.
Тиркеме
20__-жылдын "__" ___________
Бул келишим иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын атынан иш алып барган начальник ______________ ___________________________________, бир тараптан, жана экинчи тараптан
(фамилиясы, аты-жөнү)
_______________________________________________________________, мындан ары "иш берүүчү" деп аталган __________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
жетекчиси _____________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү)
эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси _______________ _____________________________________________________________ тарабынан
(юридикалык жактын аталышы)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүшөт:
1. Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган ________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
коомдук иштерди аткарууга тиркелген тизме боюнча ______________________ _______________________________________________________________________
(жумушсуздардын жана иш издеген жарандардын саны)
туруктуу катталган жерине карабастан жумушсуз жана иш издеген жарандарды жөнөтөт.
2. Иш берүүчү ____________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
_______________________________________________________________________
(жумуштун түрлөрү)
боюнча коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды берет.
3. 2-пунктта көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүргүзүү үчүн келишимге кол койгон тараптар өзүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:
- иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча аймактык ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттенет:
жумушсуздарга жана иш издеген жарандарга акы төлөөгө;
айына ____________________________________________________________ өлчөмдөгү сумманы банкка же байланыштын почта бөлүмүнө жумушсуздун же иш издеген жарандын эсептешүү эсебине которууга;
- иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын жолдомосу боюнча жумушсуз жана иш издеген ____________ _______________________________________________________________________
(жумушсуз жана иш издеген жарандар)
жарандарды тиркелген тизме боюнча коомдук акы төлөнүүчү иштер менен камсыз кылууга;
иштин көлөмү, жумуш жабдыктары, атайын кийимдер менен;
жумуш убактысын эсепке алууну жүргүзүүгө;
иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органга аткарылган жумуштун актыларын жана жумуш убактысын эсепке алуунун табелин берүүгө;
аткарылган иш үчүн жумушсуздарга жана иш издеген жарандарга эмгек акы төлөөгө;
коопсуздук техникасын сактоону камсыз кылууга;
- эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттенет:
жумушсуздарга жана иш издеген жарандарга кошумча акы төлөөнү жүргүзүүгө;
____________________________________________ өлчөмүндө кошумча акы төлөөнү айына жумушсуздун же иш издеген жарандын банктагы же почта байланышы бөлүмүндөгү эсептешүү эсебине которууга.
┌───┬─────────────┬───────────┬───────────────────────────────────────┐
│ N │ Чыгымдардын │ Сумма │ Каржылоо булактары │
│ │ беренелери │ (миң сом) ├────────────┬────────────┬─────────────┤
│ │ │ │Ишке │ Иш берүүчү │Эл аралык, │
│ │ │ │орноштурууга│ │донордук жана│
│ │ │ │көмөктөшүү │ │өкмөттүк эмес│
│ │ │ │боюнча │ │уюмдар │
│ │ │ │аймактык │ │ │
│ │ │ │ыйгарым │ │ │
│ │ │ │укуктуу │ │ │
│ │ │ │орган │ │ │
├───┼─────────────┼───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┤
│ 1 │Эмгек акы │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┤
│ 2 │Материалдык │ │ │ │ │
│ │чыгымдар │ │ │ │ │
└───┴─────────────┴───────────┴────────────┴────────────┴─────────────┘
4. Тараптардын ар бири ушул келишимге ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга башка тарапка максималдуу көмөк көрсөтүшү керек.
5. Тараптардын ортосунда келишимди аткарууда, өзгөртүүдө же бузууда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми макулдашууга жетишпеген учурда сот тартибинде каралат.
Бул келишим 201_-жылдын ___________ тартып 201_-жылдын _________ __________________________________________________ чейин күчүндө болот.
(коомдук жумуштарды аткаруу мөөнөтү)
6. Ар бир кол койгон тарап келишимди бирден нускада алат. Бардык нускалар бирдей күчкө ээ.
7. Келишимге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы болсо, алар тараптар менен макулдашылат жана келишимге карата протокол түрүндө жазуу жүзүндө таризделет.
8. Бул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул келишимде көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында колдонууда болот.
Тараптардын реквизиттери
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Тараптардын колу
М.О. _________________________ М.О. ________________________
(колу) (колу)
201_-жылдын "__" _____________ 201_-жылдын "__" ____________
Эл аралык, донордук, өкмөттүк эмес уюмдар
М.О. ____________________________
(колу)
201_-жылдын "__" _________________