Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июну № 315
Нарын облустук бириккен ооруканасынын урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн мурдагы имараттарын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5 дарегинде жайгашкан Нарын облустук бириккен ооруканасынын урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн мурдагы имараттары (баланстык наркы 632023,23 сом болгон үч имарат) Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Нарын шаарынын өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү обьекттерди белгиленген тартипте мамлекеттик каттоо;
- аталган бөлүмдөрдү кайра профилдөө;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди Нарын шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу;
- бөлүмдөрдү менчиктештирүүнү аларды Нарын облустук бириккен ооруканасынын урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн мурдагы имараттарында (Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5) жашаган саламаттык сактоо кызматкерлерине кийин сатып алуу менен, жеңилдетилген шарттарда узак мөөнөттүү ижарага берүү жолу менен ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун аткарылуусу жөнүндө маалымдоо.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |