КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 323
Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин жарандарына жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин жарандарына жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |