Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 327
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталаган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде да, расмий да тилде да жүргүзүлүүчү Мамлекеттик реестрге мамлекеттик тилде гана киргизилет.";
5-пунктунда:
экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды каттоону ишке ашырган органдар тарабынан Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялануу булагын жана ченемдик укуктук актыны жарыялоо күнүнө карата ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечимин көрсөтүү менен жиберилет.
Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Юстиция министрлигине алар келип түшкөн күнү жиберет.";
7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Ченемдик укуктук акты Мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин 10 күндүк мөөнөттө ал кабыл алынган тилде (тилдерде) Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жободо:
6-пунктунда:
экинчи сүйлөмү алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды каттоону ишке ашырган органдар тарабынан Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялануу булагын жана ченемдик укуктук актыны жарыялоо күнүнө карата ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечимин көрсөтүү менен жиберилет.
Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Юстиция министрлигине алар түшкөн күнү жиберет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |