Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 335
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;".
2. 7-берененин 4-бөлүгү "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 10-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) камсыздандыруу келишимин кооптуу жүктү ташыганга чейин түзүүгө.".
5. 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдаланылбаган камсыздандыруу мезгили үчүн камсыздандыруу уюмунун чыгымдарын камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 20 пайызы өлчөмүндө кармап калуу менен камсыздандыруу акысын кайра берүүгө;
10) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга камсыздандыруучу менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулганы жөнүндө билдирүүгө.".
6. 14-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Камсыздандыруу суммасынын эң төмөнкү өлчөмү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери камсыздандыруу мөөнөтүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
- 2-бөлүгү "түрүнө" деген сөздөн кийин ташылуучу жүктүн санына" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2008-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-берененин 2-бөлүгүндөгү "өнөр жай коопсуздугунун тармагында атайын чектелген уруксат берүүчү, көзөмөлдөөчү функциялары бар мамлекеттик аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 7-беренеде:
- 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Камсыздандыруу келишими кооптуу өндүрүштүк объекттердин ар бир тиби боюнча өзүнчө түзүлөт. Мында, эгерде кооптуу өндүрүштүк обьект аймактарга бөлүнгөн болсо же бир тектеги предметтердин (механизмдердин, курулмалардын, казандардын, машиналардын жана д.у.с.) тобунан турса, ал бир обьект деп эсептелет. Эгер кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдун филиалдары бар болсо, анда башкы офис менен бир камсыздандыруу келишими түзүлөт.".
3. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:

4. 13-беренедеги "өлчөмү" деген сөз "эң кичине өлчөмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 14-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14-берене. Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү
"Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмдөрү Өкмөт белгилеген камсыздандыруу тарифтеринин негизинде, кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча, кооптуу өндүрүштүк объектидеги опурталдын даражасына жараша, өндүрүштүн шарттарына жана көлөмүн, кооптуу өндүрүштүк обьекттин турган жерин, аны пайдалануунун башка факторлорун, опурталдуу заттарды белгилүү көлөмдөрдө жана камсыздандыруу объектинин башка шарттарында кабыл алууну, пайдаланууну, иштетүүнү жана сактоону эске алуу менен аныкталат.".
3-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) жолдо жүрүүнүн жана автомобиль транспортун пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;";
2) темир жол, автомобиль, суу жана аба транспортун лицензиялоо жана пайдалануу тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.".
2. 7-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жол кыймылынын жана автомобиль транспортун пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо, темир жол, автомобиль, суу жана аба транспортун лицензиялоо жана пайдалануу жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар документтерди текшерүүдө жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташыган автомобиль транспорт каражатты башкарып бараткан адамдан ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.".
3. 8-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү "МАИ бөлүмдөрү" деген сөздөр "Жол кыймылынын жана автомобиль транспортун пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү "МАИ бөлүмдөрү" деген сөздөр "жол кыймылынын жана автомобиль транспортун пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 9-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) камсыздандыруу келишимин жүргүнчүлөрдү ташуу ишке ашырылганга чейин түзүүгө.".
6. 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8) камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдаланылбаган камсыздандыруу мезгили үчүн камсыздандыруу уюмунун чыгымдарын камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 20 пайызы өлчөмүндө кармап калуу менен камсыздандыруу акысын кайра берүүгө;
9) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга камсыздандыруучу менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулганы жөнүндө билдирүүгө.".
4-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 20-апрели № 227
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту