КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 337
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө" мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-ноябрындагы № 730 "Продукциялардын (товарлардын жана кызматтардын) мамлекеттик статистикалык классификатору жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 725 "Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстук жол-жоболорду өнүктүрүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |