Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 338
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун 35,5 га кайрак айдоо жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты:
- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын;
- жер участокторун максаттуу бөлүштүрүүнү кезектүүлүккө ылайык катуу сактоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |