Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 343
2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу жөнүндө
2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун 9-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдун 7-беренесинде каралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашуу;
- 2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу;
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну жана Протоколду аткарылышына жооптуу орган болуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө нотаны түркиялык тарапка жиберсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
|