Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 347
"1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулгандан кийин ага мүчөлүк акыны тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде төлөөнү караштырсын.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Ушул Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук органы болуп курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эсептелет.
Кыргыз Республикасынын улуттук органы Кыргыз Республикасынан квалификациялуу экспертти Конвенциянын илимий кеңешинин мүчөсү кылып дайындайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасы 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттен каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акысын каржылоону карасын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө сактоого жиберсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|